Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу

Конок китеби

Ас-саляму алейкум ва-рахмату-Лла́хи ва-баракя́тух! Мен бир тууган агама жубай издөө аракетин жасап жаттым эле. Бир тууганым диндеги адам, 36 жашта. Буга чейин үйлөнгөн эмес. Азыркы учурда Ислам дининде жүргөн, шарият менен жашаган, жоолук салынган, хиджабчан кызды издөөдөбүз. Ысык-Көл, Нарын же Чүй өрөөнүнөн. Кыздын жашы 26 чейин, турмуш курган эмес, ыймандуу, акыл эстүү кыз болсо деген тилектебиз. Өзүбүздүн үй-бүлөбүз татыктуу адамдарбыз, туура жолдо жүргөн, жаман адаттардан алыспыз. Бир тууганым өтө токтоо, сабырдуу жигит. Үй-бүлөнүн, аялзатынын баркын билген, сыйлаган адам. Ошого татыктуу кыз болсо абдан сонун болот эле. Сайтыңарга рахмат! Аллах ыраазы болсун!
22.10.2019
 
Ассаламу алейкум уа рахматуллоху ва баракатуху. Менин жашым 23 тө, өзүм намаз окуйм, диний илимим да бар. Үйлөнүү үчүн өмүрлүк жар издеп жатам.
22.10.2019
 
Ассалам алейкум, мен турмушка чыктым, рахмат.
31.07.2019
 
Үйлөнөйүн деп кыз издеп жүрөм намаз окуган, оронуп жургон. А өзүбүз да амалдар менен жүрөбүз ИншаАллах. Жашым 27ге чыктым, үйлөнө элекмин, Таластан болобуз.
06.02.2019
 
Намаз окуган, жүрөгү таза, ою таза, максаты Аллахтын ыраазычылыгын табуу болгон кыз менен таанышам. Мен намаз окуйм, жашым 25 те.
28.01.2019
 
Ассаламу уалейкум! Уважаемый администратор сайта, я нашел что искал.Сайт очень полезен... Рахмат!!!Да хранит Всех Нас Всевышний!
26.01.2019
 
Ассалому алейкум. Мен бул сайтан жене издесем болобу. Таекем аялы менее ажырашты эле. Жашы 34 тө. Намаз окуган келин издеп жатат. Өзү намаз окуйт.
16.01.2019
 
Мен жолдошума аял издеп аткам. Мусульман намазга бекем, илими бар болушу шарт. Аллах ыраазы болсун.
04.01.2019
 
Ассаляму алейкум, абдан жакшы нерсе ойлоп табыпсынар. Аллах ыраазы болсун.
04.01.2019
 
Ассаламу алейкум ва рахматулЛахи ва баракатуху. Мен кызыма күйөө издеп жатат элем. Кызым Улуттук университеттин лингвистика факультетинин чыгыш тилдер бөлүмүн бүтүргөн, бирок кесиби боюнча иштеген жок. Азыр Москвада эмгектенет. Менин ниетим Алланын буйругу менен жашаган илимдүү, ыймандуу күйөөгө берсем. Кызым хижаб кийип, намаз окуп Аллаh буюргандай жашап, Аллаhтын ыраазычылыгын тапса ин ша Аллаh .
20.12.2018
 

Никах

Сайтта колдонуучулар: 10160
Онлайн: 2