Биз күн сайын дүкөндөрдүн текчелеринен түркүн-түстүү мармеладдарды кезиктиребиз. Бул азыктын негизги бөлүгүн желатин түзөрү баарыбызга маалым. Бирок тилекке каршы, анын адал же арам экенинен көбүнүн кабары жок. Сырткы каптамасына карап эле алып колдонуп, андан өкүнүчтүүсү балдарыбызга алып берип жатканыбыз. Төмөндө биз ушул желатиндин келип чыгышы жана түрлөрү боюнча азыноолак кеп кылууну чечтик. Дүйнө жүзү боюнча халал рыногунун, ошондой эле халал стандартташтыруу жана сертификация системасынын өсүшү менен желатиндин уруксаты тууралуу суроолор кайрадан күн тартибине чыга баштады. Себеби бул азык тамак-аш, суусундук, медицина, косметика жана фото тармактарында активдүү колдонулуп келет. Бирок бардык учуларда колдонулган желатиндин кайсы жол менен алынгандыгы белгисиз болгондуктан, мусулмандардын арасында суроо пайда болот. Адалбы же арамбы? Желатин – жаныбарлардын ткандарындагы негизги структуралык коллагенден алынган белок: сөөк, тери жана тарамыштар. Ал адатта, уйлардын же чочколордун сөөк ткандарынан жасалат. Балыктан да алынышы мүмкүн. Жаныбарлардан алынган кесектерди кайнатып, чыпкалап, коллагенди бөлүп чыгарышат, ал майдаланып желатинге айланат. Ал ар түрдүү тамак-аштарды коюу, гель жана текстура түзүү үчүн колдонулат. Желатиндин кандай түрлөрү бар? 1. Ислам эрежелери боюнча союлган адал малдан (тоок, уй ж.б.) алынган желатин. Мындай желатин адал жана бардык аалымдар бир добуштан уруксат беришкен; 2. Исламда өлтүрүлбөгөн жаныбарлардан алынган желатин (ислам мыйзамдарына ылайык союлбаган уй жана тоок). Мындай желатинге уруксат берилген эмес деп эсептелет; 3. Чочкодон алынган желатин. Мындай желатин арам жана бардык аалымдардын бир добуштан кабыл алган чечими менен тыюу салынган. 4. Балыктан жана өсүмдүктөрдөн алынган желатин. Мындай желатин адал жана бардык уламалардын бир добуштан чечими менен уруксат берилген; 5. Агар-агар. Бул кызыл балырлардан жасалган эң белгилүү жана кеңири таралган өсүмдүк маңыздуу желатин алмаштыруучу зат. Ал окшош касиеттерге ээ жана ар кандай тамактарды гел жана желе жасоо үчүн колдонулат. Агар-агар температурага туруштук берет жана муздаганда гелдөө жөндөмүн жоготпойт. Шариятка каршы келбейт жана колдонулуу чөйрөсү кеңири. 6. Пектин. Бул өсүмдүк протеин мөмө-жемиштердин кабыгынан, өзгөчө алма жана цитрус жемиштеринен алынат. Пектин кыям, желе жана пудингдерди коюуда колдонулат. Мында да диний тыюу жок. 7. Карагенан. Бул өсүмдүк полисахариди кызыл балырлардан алынат. Карагенан ар кандай тамак-аштарда стабилизатор жана гелдөөчү агент катары колдонулат. Айрыкча өсүмдүктөн жасалган йогурттар менен сүттөрдөгү текстураны түзүү үчүн пайдаланылат. Желатиндин бул түрү да адал эсептелет. Ошондой эле, кээ бир чөп консерванттар, мисалы, гуар жана ксантан резина, ар кандай буюмдардын текстура түзүү үчүн колдонулушу мүмкүн. Атап айтканда, алар тоңдурулган идиштердин, соустардын жана глютенсиз нандын түзүлүшүн сактоого жардам берет. Алла Таала Ыйык Куранда “Силерге өлүк, кан, чочконун эти жана Аллахтан башкага аталып мууздалган мал, ошондой эле муунтулуп, урулуп, кулап, сүзүлүп өлгөн жана жырткыч айбандар жеген мал арам кылынды” деп айткан (Маида,3). Андыктан ар бир колдонуп жаткан азыгыбызга дыкат маани берип, адал-арам маселесине көңүл бөлүшүбүз зарыл. Себеби таза эмес жерде береке качып, Жараткандын азабын чакырары шексиз. Даярдаган: КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Марат ажы Кадыкеев Маалымат булагы: muftiyat.kg
Кароолор (73)
|