Акырет сөздүктө «соңку», «акыркы», «кийинки» «соңку болгон жана кийинкилер» деген мааниге келсе, терминологилык мааниси: дүйнө жашоосунан кийинки түбөлүк жашоо дегенди туюнтат. Акырет терминин кээ бир аалымдар Азирети Исрафил периштенин Сурнайды биринчи үйлөшү менен башталган жана бейиштиктердин бейишке, тозокулардын тозокко киргенге чейинки бардык акырет абалдарын камтыган жашоо деп мүнөздөсө, кээ бирлери «Сурнайдын экинчи үйлөнүшү, инсандардын кайрадан тирилтилиши менен башталган жана түбөлүк уланган жашоо» деп аныктама беришкен. Бирок дүйнөдөн өлүм менен коштошкон адамдын кыяматтын болушуна чейин башынан өткөргөн окуяларды дүйнө жашоосуна кошуу мүмкүн болбогондуктан жана Азирети пайгамбар (с.а.в.) инсандын өлүмүнөн баштап махшардагы тирилүүгө чейинки «Барзах ааламын» акырет аялдамасынын алгачкысы деп мүнөздөгөнү үчүн[1] акыретке барзах ааламын кошуу туура. Демек акырет – өлүмдөн кийин башталган жана махшардагы тирилүүдөн соң түбөлүккө улана турган жашоо. Тактап айтканда, өлүмдөн кийин башталган кабыр жана барзах жашоосу, Исрафилдин (а.с.) Сурга үйлөшү, кыяматтын болушу, түбөлүк жашоо үчүн кайрадан дене менен бирге тирилүү, махшарда топтолуу, амал дептерлеринин берилиши, эсеп-кысап, тараза (мизан), сырат, хауз, шапаат жана бейиш-тозок сыяктуу абалдар акырет жашоосунун ичинде каралат. Акырет кыяматтын болушу менен башталгандыктан «кыямат күн», жакшылык-жамандыктын акыбети толук кайткандыктан «дин күнү», «жаза күнү», өткүнчү дүйнөнүн карама-каршысы болгондуктан «чыныгы жашоо», «түбөлүк жашоо», «түбөлүк (бааки) аалам» деп да аталат. Ыйык Куранда акырет күн момундар Аллага жолугуша турганы үчүн «жолугушуу күнү»[2], жалпы адамзат жана жан-жаныбарлар чогулганы үчүн «топтолуу күнү»[3], дүйнө жашоосунда Аллага жана анын өкүм-буйруктарын четке каккандар алданганы үчүн «алдануу күнү»,[4] тирилген соң баары кабырынан чыкканы үчүн «чыгуу күнү»[5] ж.б. ысымдар менен аталат. Ислам дининде акыретке ыйман келтирүү дин негиздеринин (рукн) бири, акыйданын бир бөлүгү. Ушул себептүү акыретке ишенбеген адам момун эсептелбейт. Ыйык Куранда момундар «Алар намаз окушат, зекет беришет жана акыретке (толук) ишенет» деп сыпатталат.[6] Башка бир аят-и каримада: وَٱلَّذِينَ يُؤۡمِنُونَ بِمَآ أُنزِلَ إِلَيۡكَ وَمَآ أُنزِلَ مِن قَبۡلِكَ وَبِٱلۡأٓخِرَةِ هُمۡ يُوقِنُونَ (4) “Алар сага түшүрүлгөнгө[7] да, сенден мурунку түшүрүлгөндөргө[8] да, Акырет[9] күнүнө да ишенишет” (Бакара, 4) Ала Таала Ыйык Куранда акыретке ишенүүгө чакырып, ага ишенбегендердин акыбети боюнча мындай аят наазил кылган (түшүргөн): يَٰٓأَيُّهَا ٱلَّذِينَ ءَامَنُوٓاْ ءَامِنُواْ بِٱللَّهِ وَرَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلَّذِي نَزَّلَ عَلَىٰ رَسُولِهِۦ وَٱلۡكِتَٰبِ ٱلَّذِيٓ أَنزَلَ مِن قَبۡلُۚ وَمَن يَكۡفُرۡ بِٱللَّهِ وَمَلَٰٓئِكَتِهِۦ وَكُتُبِهِۦ وَرُسُلِهِۦ وَٱلۡيَوۡمِ ٱلۡأٓخِرِ فَقَدۡ ضَلَّ ضَلَٰلَۢا بَعِيدًا (136) «Эй ыймандуулар! Аллага, Анын элчисине, Ал Өзүнүн элчисине түшүргөн Китепке жана Ал андан мурун түшүргөн Китепке ишенгиле! Ким Аллага, периштелерине, китептерине, элчилерине жана Кыямат Күнүнө ишенбесе, ал узак адашууда болот» (Ниса, 136) إِنَّ هَٰذَا ٱلۡقُرۡءَانَ يَهۡدِي لِلَّتِي هِيَ أَقۡوَمُ وَيُبَشِّرُ ٱلۡمُؤۡمِنِينَ ٱلَّذِينَ يَعۡمَلُونَ ٱلصَّٰلِحَٰتِ أَنَّ لَهُمۡ أَجۡرٗا كَبِيرٗا (9) وَأَنَّ ٱلَّذِينَ لَا يُؤۡمِنُونَ بِٱلۡأٓخِرَةِ أَعۡتَدۡنَا لَهُمۡ عَذَابًا أَلِيمٗا (10) «Акыйкатта, Куран тууралыкка алып барат жана жакшылык кылган момундарга зор сыйлык боло тургандыгын сүйүнчүлөп жеткирет. Тиги дүйнө жашоосуна ишенбегендерге оорутуучу азапты даярдадык» (Исра, 9-10) وَٱلَّذِينَ كَذَّبُواْ بِـَٔايَٰتِنَا وَلِقَآءِ ٱلۡأٓخِرَةِ حَبِطَتۡ أَعۡمَٰلُهُمۡۚ هَلۡ يُجۡزَوۡنَ إِلَّا مَا كَانُواْ يَعۡمَلُونَ (147) “Белгилерибизди жана Акыретте жолугушууну жалганга чыгаргандардын амалдары жоюлуп[10], жасаган иштери үчүн жазаланышат” (Аърааф, 147) Ыйык Курандын Сабаъ сүрөсүнүн 8-аяты жана Рум сүрөсүнүн 16-аятында да акыретке ишенбегендердин жазага кириптер болору айтылат. Акыретте каапырларга улуу азап даярдалса, момундарга сыйлыктар берилери анык. Акыретти четке кагуу Алланы жана пайгамбарыны четке кагуу деген мааниге келет. Анткени акыретти жана анда боло турган абалдарды сезим, акыл менен билүүнүн башка жолу жок. Бул нерселер Алла жана элчисинин кабары менен гана билинет. Бул жагынан алып караганда, акыретти четке кагуу ал тууралуу кабар бергендерди[11] да четке кагуу болуп калат. Акыретти жалгандоо – аны тастыктаган Алла жана элчисин жалгандоо. Анткени Алла жана анын элчисине ыйман – алардын акыйкатты айтканын кабылдоо жана кабар берген (сахих) нерселерин тастыктоо. Ыйман негиздеринде бөлүнүү болбогондой эле, Алла жана элчисинин кабарларын бирөөнү четке кагуу – баарын четке кагуу сыяктуу.[12] Акыретке ишенүү адам баласы үчүн өтө маанилүү. Ошол себептен Ыйык Куранда акырет жашоосу боюнча абдан көп айтылган. Кээде далилдер айтылса, кээде өрнөктөр жана элестүү сүрөттөөлөр берилип, акыреттин адам баласынын дүйнө таанымына жакшылап орношуна басым жасалган. Адам баласы ар убак «Мен киммин?» «Кайдан келдим?» «Эмнеге келдим жана эмне болом?», «Кайда барам?» деп ойлонуп, жооп издөөгө аракет кылат. Аллага ыйман келтирүү менен ааламдын жана өзүн ким жаратканын билген инсан кайда барарын да жакшы билип алат. Ошого жараша жашоо образын түзүп, жашоосунун маңызын табат. Кайдан келип кайда барарын билген киши келечектеги белгисиздик-түпөйүлдүктөн кутулат. Алдына конкреттүү максат коёт. Ошондой эле максатына жетүү үчүн себептерди аткарат. Мына ушундайча анын жашоосунда маани-маңыз пайда болот. Ысыраптуу, пайдасыз, ашкере шарактаган маанисиз жашоодон кутулуп, өрнөктүү, керектүү, пайдалуу жашоо керектигин үйрөнө баштайт. Бул жашоо жөн эле оюн майданы эмес экенин түшүнөт. أَفَحَسِبۡتُمۡ أَنَّمَا خَلَقۡنَٰكُمۡ عَبَثٗا وَأَنَّكُمۡ إِلَيۡنَا لَا تُرۡجَعُونَ (115) «Биз силерди жөн эле (ойноп) жаратып, силер Бизге кайра кайтпайбыз”, – деп ойлодуңарбы?» (Муминун, 115) Жаратканын таанып, وَمَا لِيَ لَآ أَعۡبُدُ ٱلَّذِي فَطَرَنِي وَإِلَيۡهِ تُرۡجَعُونَ (22) “Эмне үчүн мен өзүмдү жаратканга жана бүт баарыңар кайрылып бара турган Ага[13] сыйынбаймын?” (Бакара, 22) – деп өзүнө суроо коюп, жалгыз Аллага гана сыйынууга, Ал ыраазы боло турган жашоо образына бет алат. Ар убак акыретке даярданып, бул өмүрдөгү жашоосун маңыздуу өткөрүүгө тырышат. Ал эми акыретке ишенбеген киши жашоосунун маңызын таба албай, бакыттын дарегин ар демеден издеп, жыйынтыгында бактысыз болот. Заалымдык жана жаман иштерге кол уруп, напсисине кул болот. Дүйнөдө бейиштей жашагысы келсе да, бул мүмкүн эмес. Ошентип эки дүйнөдө тең кыйроого учурайт. Кыргыз элинин дүйнө таанымында акырет жашоосунун абдан зор орду бар. Бейиш жыргалчылыгы, тозок азабы ж.б. жетиштүү түшүнүк болгон. Ал тургай тозоктогу замхарир суугу боюнча “Манас” эпосунда айтылат. “Ислам динин туткун деп, Ага ынанып туткун деп Кыямат күнү кызык деп Тозок оту бул оттон Алтымыш эсе ысык деп. Тозоктун болор суугу Бу сууктан дагы да Жүз эсе артык суук деп Акыреттин азабын Айтып турган бериште Азар кылды каапырлар. Мындан кийин кудай деп Бул сүрөткө келишке Кыяматтын баянын Кыйла айтып билдирди Каапырлык динин бүлдүрдү” (“Манастан”) Адам пендесинин дагы бир өзгөчөлүгү – түбөлүк ың-жыңсыз жоголуп кетүүдөн коркуу, тынчсыздануу. Анын табиятында түбөлүк жашоону, өлүмсүздүктү эңсөө бар. Ислам акыйдасы адам баласына акыретте дал ушул бактылуу түбөлүк жашоону убада кылат, эгерде Алланын жолунда жашап өтсө. Бул дүйнөдө напсисине жеңдирип, жыргап-куунап, түбөлүккө бактылуу жашайм дегендерди акыретин сатып ийгендер катары кароого болот. Аллага жана акырет күнүнө ишенген адамдар бул дүйнөнүн сыноо дүйнөсү экенин билип, Алла Таала убада кылган тигил дүйнөдөгү түбөлүк бактылуу сый жашоого аракеттенип, жашоосу бир калыпка түшүп, жүрөгү тынчтык табат. АКЫРЕТТИН БАР ЭКЕНИНЕ ДАЛИЛДЕР Акыреттин бар экени акылдык жактан мүмкүн, ал эми Куран менен акыйкат. Алла Таала: وَهُوَ ٱلَّذِي يَبۡدَؤُاْ ٱلۡخَلۡقَ ثُمَّ يُعِيدُهُۥ وَهُوَ أَهۡوَنُ عَلَيۡهِۚ وَلَهُ ٱلۡمَثَلُ ٱلۡأَعۡلَىٰ فِي ٱلسَّمَٰوَٰتِ وَٱلۡأَرۡضِۚ وَهُوَ ٱلۡعَزِيزُ ٱلۡحَكِيمُ (27) «Ал жоктон бар кылып, анан кайра жаратат. Бул Ага оңой. Асмандар менен жердеги эң бийик мисалдар – Ага гана таандык. Ал – Ызааттуу, Даанышман!», – деген.[14] Башка аятта, وَأَنَّ ٱلسَّاعَةَ ءَاتِيَةٞ لَّا رَيۡبَ فِيهَا وَأَنَّ ٱللَّهَ يَبۡعَثُ مَن فِي ٱلۡقُبُورِ (7) «Албетте, Кыямат келет. Анда эч шек жок. Чындыгында, Алла мүрзөдөгүлөрдү тирилтет», – деп билдирилип,[15] кыяматтын болору боюнча анык кабар берилген. Ыйык Куран акыреттен кабар берүү менен бирге ага ишенбегендерге далил да сунуштайт. Акыреттин бар экени боюнча далилдерди төмөнкүдөй ыраттасак болот. 1) алгачкы жаратылыш: Алгачкы жаралууга (мисалы, «Чоң жарылуу» теориясына) ишенип, бирок акыретке ишенбегендерге Куран алгачкы жаратылышты далил кылат. Башкача айтканда, адамдарды жана бүтүндөй макулуктарды жоктон бар кылган Алла Тааланын аларды экинчи жолу кайрадан жаратууга кудирети жетерин белгилейт. «Бул чириген сөөктөрдү ким тирилтет?» деген суроого «Аны алгач жараткандай эле тирилтет. Ал бардык жаралгандарды Билүүчү дегин» деген илахий жооп берилген.[16] Чынында биринчи жолу жараткан Зат экинчи жолу жарата албай калмак беле? Акыйкатта Алла үчүн жаратуу оор же жеңил деген критерий колдонулбайт. Ошентсе адам пендесинин деңгээлине ылайык ушул метод менен акыретке ишенбеген адамды ынандыруга болот. 2) оор нерселерди жаратуу: Куран алгачкы жаратылышты кабылдап, бирок акыретти четке каккандарга акыреттен да оор нерселерди жараткан Алла Таала акыретти да жаратууга кудиреттүү экенин билдирип, акыреттин барлыгын туюнтат. Ырасында Жер жана ааламдын жаратылышы акыреттен алда канча татаал эмеспи. Алла Таала «Ырас эле алар Алла асмандар менен жерди жараткандыгын жана жаратууда алсыз болбогондугун, өлгөндөрдү кайрадан тирилте ала тургандыгын көрүшпөдүбү? Акыйкатта, Ал бардык нерселерге Кудирети жетүүчү» – деп[17] жогорку акыйкатты тастыктайт. 3) Мүмкүн эмес нерселерди жаратылышы: материянын аяк-башы, башталыш-соңу жок, эзелки жана түбөлүк деп билип, өлүмдөн кийинки жашоону мүмкүн эмес деп ишенгендерге[18] Алла Таала акылга сыя турган далил сунат.[19] 4) Адамдын жаратылышы жана топурактын жанданышы: Куранда өлүмдөн кийинки кайрадан тирилүүнү жана акыретти четке каккандарга адамдын жаратылышын жана кышында өлүк болгон жерди жазында тирилтишин, жашылдандырып жашоо тартуулашын далил кылат: يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِن كُنتُمْ فِي رَيْبٍ مِّنَ الْبَعْثِ فَإِنَّا خَلَقْنَاكُم مِّن تُرَابٍ ثُمَّ مِن نُّطْفَةٍ ثُمَّ مِنْ عَلَقَةٍ ثُمَّ مِن مُّضْغَةٍ مُّخَلَّقَةٍ وَغَيْرِ مُخَلَّقَةٍ لِّنُبَيِّنَ لَكُمْ وَنُقِرُّ فِي الْأَرْحَامِ مَا نَشَاء إِلَى أَجَلٍ مُّسَمًّى ثُمَّ نُخْرِجُكُمْ طِفْلًا ثُمَّ لِتَبْلُغُوا أَشُدَّكُمْ وَمِنكُم مَّن يُتَوَفَّى وَمِنكُم مَّن يُرَدُّ إِلَى أَرْذَلِ الْعُمُرِ لِكَيْلَا يَعْلَمَ مِن بَعْدِ عِلْمٍ شَيْئًا وَتَرَى الْأَرْضَ هَامِدَةً فَإِذَا أَنزَلْنَا عَلَيْهَا الْمَاء اهْتَزَّتْ وَرَبَتْ وَأَنبَتَتْ مِن كُلِّ زَوْجٍ بَهِيجٍ «Эй, адамдар! Эгер өлгөндөн кийин тирилүүдөн шектенсеңер, албетте, биз силерди топурактан, анан бир тамчыдан, анан уюган кандан, түспөлдүү-түспөлсүз бир үзүм эттен өзүңөргө (кудиретибизди) билдирүү үчүн жараттык. Ошентип жатындарда (Өзүбүз) каалаган белгилүү мөөнөткө чейин коюп коёбуз. Анан бөбөк кылып чыгарабыз. Андан кийин эрезеге жетесиңер. Кээ бирлериңер кайтыш болуп, кай бирлериңер ар нерсени билгенден кийин, эч нерсени билбей турган өмүрдүн начарлыгына кайтарыласыңар. Куураган жерди көрүп турасыңар го. Ага жамгыр жаадырсак кыймылга кирип, көөп, ар түрлүү кооз өсүмдүктөрдү өндүрөт». (Хажж, 22/5) Дагы бир аятта да жердин «тирилиши» акыретке далил катары берилген: وَاللَّهُ الَّذِي أَرْسَلَ الرِّيَاحَ فَتُثِيرُ سَحَابًا فَسُقْنَاهُ إِلَى بَلَدٍ مَّيِّتٍ فَأَحْيَيْنَا بِهِ الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا كَذَلِكَ النُّشُورُ “Алла шамалдарды жиберип, булуттарды козгоп, аны өлүп жаткан шаарга айдап келебиз. Жана жамгыр аркылуу жансыз калган жерлерди кайра жандандырабыз. Өлүктүн тирилиши да ушул сыяктуу”. (Фатир, 35/9) Даярдаган: Самидин кары Атабаев, Азирети Муфтийдин 1-орун басары [1] Ахмад бин Ханбал, Муснад [2] Муъмин, 40/15 [3] Тагаабун, 9 [4] Тагаабун, 9 [5] Каф, 34 [6] Намл, 3 [7] Ыйык Куранга. [8] Сенден мурун Тоорат менен Инжилде убадаланган, пайгамбарлардын тилинде баяндалган Куран (Тафсир Ал-Багавий). [9] Кыямат күнү. [10] Жакшы амалдары текке кетип [11] Алла жана расулун [12] Келам: Тарих, Эколлер, Проблемлер//Сефахеттин Гөлжүк, Сүлейман Топрак, 433-б. [13] Аллага. [14] Рум, 30/27 [15] Хаж, 22/7 [16] Ясин, 36/78-79 [17] Ахкаф, 46/33 [18] Каф, 50/3 [19] Ясин, 36/80-84
Кароолор (134)
|