Аллах Таала түрдүү себеп жана хикматтардан улам бир эркекке бир канча тайпа аялдардын никесин арам кылган. Эркек киши аларга үйлөнүүсү мүмкүн эмес, мындай кылуу арам болуп саналат. Ким бул ишти кылса, чоң күнөө жасаган болот. Ошондой күнөөгө батып калбаш үчүн ар бир мусулман адам ушул маселени жакшылап түшүнүп алуусу керек. Бардык фикхий китептерибизде эркек кишиге никеси жаиз жана жаиз эмес болгон аялдарды кенен-кесири айтып өтүлгөн. Буларга негиз Аллах Тааланын төмөнкү сөзү: حُرِّمَتْ عَلَيْكُمْ أُمَّهَاتُكُمْ وَبَنَاتُكُمْ وَأَخَوَاتُكُمْ وَعَمَّاتُكُمْ وَخَالاَتُكُمْ وَبَنَاتُ الأَخِ وَبَنَاتُ الأُخْتِ وَأُمَّهَاتُكُمُ اللاَّتِي أَرْضَعْنَكُمْ وَأَخَوَاتُكُم مِّنَ الرَّضَاعَةِوَأُمَّهَاتُ نِسَآئِكُمْ وَرَبَائِبُكُمُ اللاَّتِي فِي حُجُورِكُم مِّن نِّسَآئِكُمُ اللاَّتِي دَخَلْتُم بِهِنَّ فَإِن لَّمْ تَكُونُواْ دَخَلْتُم بِهِنَّ فَلاَ جُنَاحَ عَلَيْكُمْ وَحَلاَئِلُ أَبْنَائِكُمُ الَّذِينَ مِنْ أَصْلاَبِكُمْ وَأَن تَجْمَعُواْ بَيْنَ الأُخْتَيْنِ إَلاَّ مَا قَدْ سَلَفَ إِنَّ اللّهَ كَانَ غَفُورًا رَّحِيمًا «Силерге энеңерди, кыздарыңарды, эже-карындаштарыңарды, абжеңерди, таежеңерди, бир тууган ага-иниңердин, бир тууган эже-карындашыңардын кыздарын, эмчек эмизген энеңерди, эмчектеш эже-карындашыңарды, аялыңардын энесин, силер менен жыныстык катнашта болгон аялыңардын силердин камкордугуңарга өткөн кыздарына никелешүү арам. А эгерде жыныстык катнашта али боло элек аялдарыңардыкы болсо, анда күнөө жок. Силерге ошондой эле өзүңөрдөн болгон балдарыңардын аялдарына үйлөнүүгө тыюу салынат. Ошондой эле силерге бир эле мезгилде эки бир тууган эже-сиңдиге үйлөнүүгө да тыюу салынат; а эгер бул иш мурда болуп өткөн болсо, ал кечиримдүү. Акыйкатта, Аллах күнөөлөрдү Кечирүүчү жана Мээримдүү» («Ниса» сүрөсү; 23-аят) Ушул аялдардын никеси арам болушуна себеп кээ бири энеси, кээ бири чоң энеси же таенеси, эже-карындашы, кызы, келини экендиги. Булардын никеси түбөлүктүү арам. Ушундай себептерден дагы бири, мусахарат себептүү арам болуусу. Мусахарат – бул нике себептүү никеси арам болгондорго айтылат. Маселен: кишиге атасынын үйлөнгөн аялдары, өзү үйлөнгөн аялынын энеси (кайын энеси) жана аялынын таенеси же чоң энеси, аялынын эжеси (абжеси) жана таежелери, аялынын бир тууган эже-сиңдилери (кайын эжеси жана балдыздары), аялынын бир тууган ага-инисиин жана бир тууган эже-сиңдисинин кыздары кирет. Ошондой эле эркек киши өзү зына кылган же зынага алып бара турган амалдарды кылган аялдын энеси жана кызы арам болот. Дагы айта кетчү болгон назик маселе бар, эгер ушул зына же ага алып баруучу иштерди бир киши, Алла сактасын, аялынын энеси (кайын энеси) менен же уулунун аялы (келини) менен, же өзүнүн кызы менен кылып койсо эмне болот? Төмөндө фикх жана фатва китептерибиздеги матндарды келтиребиз: Мухтасарул-викая: وَحَرُمَ أَصْلُهُ وَفَرْعُهُ وَفَرْعُ أَصْلِهِ الْقَرِيبِ وَصُلْبِيَّةُ أَصْلِهِ الْبَعِيدِ وَأُمُّ زَوْجَتِهِ وَبِنْتُهَا مَوْطُوئَةً وَزَوْجَةُ أَصْلِهِ وَفَرْعِهِ وَكُلُّ هَٰذِهِ رِضَاعًا. وَفَرْعُ مَزْنِيَّتِهِ وَمَمْسُوسَتِهِ وَمَاسَّتِهِ وَمَنْظُورٍ إِلَى فَرْجِهَا الدَّاخِلِ بِشَهْوَةٍ وَأَصْلُهُنَّ وَمَا دُونَ تِسْعَ سِنِينَ لَيْسَتِ بِمُشْتَهَاةٍ. وَيُحَرِّمُ نِكَاحُ امْرَأَةٍ وَعِدَّتُهَا نِكَاحَ امْرَأَةٍ أَيَّتُهُمَا فُرِضَتْ ذَكَرًا لَمْ تَحِلَّ لَهُ الْأُخْرَىٰ, وَوَطْئُهَا مِلْكًا وَكَذَا وَطْئُهَا مِلْكًا وَطْئَهَا نِكَاحًا وَمِلْكًا لَا نِكَاحَهَا فَإِنْ نَكَحَهَا لَا يَطَأُ وَاحِدَةً حَتَّىٰ يُحَرِّمَ الْأُخْرَىٰ Төмөнкү аялдардын никеси арам болуп саналат: Аслы, фаръы, жакын аслынын фаръы, алыс аслынын сулбунан болгон кызы, аялынын энеси жана жыныстык катнаш кылган аялынын кызы, аслынын жана фаръынын аялы. 1. Аслы – өз апасы, чоң-энелери жана таенелери: атасынын энеси жана апасынын энеси эки тарабы канчалык жогору кетсе дагы; 2.Фаръы – өз кызы, перзенттеринин кыздары: уулунун жана кызынын кыздары эки тарабы канчалык төмөн кетсе дагы; 3. Жакын аслынын фаръы – өз атасынын жана өз апасынын кыздары: бир тууган эже-карындаштары; 4. Алыс аслынын сулбунан болгон кызы – чоң ата, чоң энесинин жана таята — таенесинин кыздары: эжелери (абжелери) жана таежелери; 5. Аялынын энеси – кайын энеси: бир аялды никесине алар замат, ага кошулбаса да ошол аялдын апасы ал эркекке түбөлүк арам болот; 6. Жыныстык катнаш кылган аялынын (башка эрден болгон) кызы – эгер бир аялды никесине алып, ага кошулган болсо, анын мурунку эринен болгон кызы ошол эркекке түбөлүк арам болот: ал эми никесине алган аялга кошулбаса, андан ажырап, кийин ошол аялдын башка эрден болгон кызын никесине алса болот; مِنْ طَرِيقِابْنِ وَهْبٍ عَنْ يَحْيَى بْنِ أَيُّوبَ عَنِ الْمُثْنِى بْنِ الصَّبَاحِ عَنْ عَمْرِو بْنِ شُعَيْبٍ عَنْ أَبِيهِ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ : أَيُّمَا رَجُلٍ نَكَحَ امْرَأَةً فَدَخَلَ بِهَا فَلَا يَحِلُّ لَهُ نِكَاحُ ابْنَتِهَا فَإِنْ لَمْ يَدْخُلْ بِهَا فَلْيَنْكِحْهَا Амр ибн Шуъайб атасынан риваят кылат: “Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: “Кайсы бир эркек бир аялга никеленип, анан ага кошлуган болсо, анда ошол аялдын кызынын никеси ал эркекке арам болот. Бирок никелеп алган аялына кошулбай туруп ажырашып кеткен болсо, анда ал аялдын кызына никелей берсин”. 7. Аслынын жана фаръынын аялы – атасынын аялдары жана уулдарынын аялдары: өгөй апасы жана келини. Мына ушул тайпадагы аялдардын никеси түбөлүк арам. Булардын бардыгы эмчектештик тараптан болгондо да арам болот. Ошондой эле өзү менен зына кылган, өзү (шахват менен) кармалаган же аны (эркекти шахват менен) кармалаган жана ички фаржына шахват менен назар салынган аялдын фаръы (кызы) да, аслы (энеси) да арам болот. وَبِخَبَرٍ مِنْ طَرِيقِ ابْنِ جُرَيْجٍ: عَنْ أَبِي بَكْرِ بْنِ عَبْدِ الرَّحْمَـٰنِ بْنِ أُمِّ الْحَكَمِ قَالَ: قَالَ رَجُلٌ: يَا رَسُولَ اللهِ زَنَيْتُ بِامْرَأَةٍ فِي الْجَاهِلِيَّةِ أَفَأَنْكِحُ ابْنَتَهَا؟ قَالَ: لَا أَرَىٰ ذَٰلِكَ، وَلَا يَصْلَحُ لَكَ أَنْ تَنْكِحَ امْرَأَةً تَطَّلِعُ مِنِ ابْنَتِهَا عَلَى مَا تَطَّلِعُ عَلَيْهِ مِنْهَا Абу Бакр ибн Абдурахман ибн уммул-Хакам риваят кылат: “Бир киши: “Эй Аллахтын элчиси! Мен жахилиятта (исламга чейин) бир аял менен зына кылган болчумун. Эми ошол аялдын кызын никеме алсам болобу?”, – деп сурады. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам): “Мен муну (туура деп) көрбөй турам. Энесинен көргөн нерсени кызынан да көрүү үчүн ошол аялдын кызын никеңе алышың сага жарашпайт”, – деп жооп берди. وَمِنْ طَرِيقِ ابْنِ وَهْبٍ عَنْ يَحْيَى بْنِ أَيُّوبٍ عَنِ ابْنِ جُرَيْجٍ أَنَّ النَّبِيَّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ قَالَ فِي الَّذِي يَتَزَوَّجُ الْمَرْأَةَ فَيَغْمُزُ وَلَا يَزِيدَ عَلَىٰ ذَٰلِكَ: «لَا يَتَزَوَّجُ ابْنَتَهَا» Ибн Журайждан риваят кылынат: Набий (соллаллоху алайхи васаллам) бир аялга үйлөнүп, ага кол тийгизүүдөн башка нерсе кылбаган киши жөнүндө: “Ал киши ошол аялдын кызына үйлөнө албайт”, – деп айткан”. عَنْ أُمِّ هَانِئٍ رَضِيَ اللهُ عَنْهَاعَنِ النَّبِيِّ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّم قَالَ: «إِذَا نَظَرَ الرَّجُلُ إِلَى فَرْجِ الْمَرْأَةِ حُرِّمَتْ عَلَيْهِ أُمُّهَا وَابْنَتُهَا».أَخْرَجَهُ ابْنُ أَبِي شَيْبَةَ فِي مُصَنِّفِهِ Умму Хаани (разияллоху анха) риваят кылат: Пайгамбар (соллаллоху алайхи ва саллам) мындай деп айткан: “Эгер эркек киши (шахват менен) бир аялдын фаржына назар салса, ага ошол аялдын энеси жана кызы арам болот” (Ибну Абу Шайба риваяты). Никеси убактылуу арам болгон аялдар Эки аялдан бирин эркек деп кыял кылынганда ага экинчиси адал болбой турган аялдардан биринин никеси жана иддасы экинчисинин никесин жана мүлк жүзөсүнөн жакындык кылууну арам кылат. “Мүлк жүзөсүнөн” дегенде “күң катары” деп түшүнүлөт. Жогорудагы сөздү түшүнүү үчүн мисал келтирели: Эже-сиңди бар. Алардан бирин эркек киши деп кыялдана турган болсок, ал экинчисине үйлөнө албайт. Себеби эжесине же карындашына үйлөнүү арам кылынган. Алардан бири бир кишинин никесинде болсо, анын үстүнө экинчисин никелеп алууга болбойт. Же алардан бири бир кишиден талак алып иддада олтурган болсо, дал ошол киши экинчисин никесине алуусу адал болбойт. Кадимки кул ээлөөчүлүк доору өкүм сүргөн учурда эже-сиңдилерден бирин никесине алган адам экинчисин күң кылып алып, анан ага жакындык кылуусу мүмкүн болгон эмес. Экинчи мисал, аял менен анын эжесин (абжесин) же таежесин алып көрөлү. Эгер аялды эркек деп кыялдана турган болсок, эркек киши өзүнүн эжесине (абжесине) же таежесине үйлөнүүсү арам болот. Эгер эжени (абжени) же таежени эркек деп кыялдана турган болсок, эркек киши өзүнүн бир тууган ага-инисинин жана бир тууган эже-карындашынын кызына үйлөнүүсү арам болот. Башкаларды да ушундай кылып салыштырып чыкса, махрамдар арасын бир никеде бириктирүүгө болбостугу белгилүү болот. Жогорудагы Куран аятында бул тайпа да айтылган: “… Ошондой эле силерге бир эле мезгилде эки бир тууган эже-сиңдиге үйлөнүүгө да тыюу салынат…”. Бир киши өзүнүн никесинде турган аялынын эжесине же сиңдисине үйлөнүүсү мүмкүн эмес. Мындай никенин арамдыгы убактылуу. Эгер никесинде турган эже же сиңдиси менен нике алакасы үзүлсө, анда анын эжесине же сиңдисине үйлөнсө боло берет. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи ва саллам) аял менен анын эжесин (абжесин) же таежесин кошуп бир учурда никесине алуудан да кайтарган. Мындай никелер тууган аялдардын арасындагы мамилелерди буза турган болгондугу үчүн да арам кылынган. عَنْ أَبِي هُرَيْرَةَ رَضيَ اللهُ عَنْهُ أَنَّ رَسُولَ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَقَالَ: «لَا يُجْمَعُ بَيْنَ الْمَرْأَةِ وَعَمَّتِهَا، وَلَا بَيْنَ الْمَرْأَةِ وَخَالَتِهَا». مُتَّفَقٌ عَلَيْهِ. Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: “Расуулуллах (соллаллоху алайхи ва саллам): “Бир аял жана анын абжеси, ошондой эле бир аял жана анын таежеси (никеде) бириктирилбейт”, – деп айтты” (Имам Бухарий жана Муслим риваяты). Ошондой эле алардан бирине мүлк жүзөсүнөн жыныстык жакындык кылуу, экинчисине да мүлк жүзөсүнөн жыныстык жакындык кылууну жана нике аркылуу жыныстык жакындык кылууну арам кылат. Никени эмес. Жогоруда айтылган тайпадагы тууган аялдардан бири бир эркектин күңү болсо, ага ошол мүлк себептүү жыныстык жакындык кылгандан кийин ал күңдүн жогорудагыдай сыпаттагы тууган аялына жанагы эркек күңү катарында, никедеги аялы катары да жыныстык жакындык кылуусу арам болот. Бирок экинчи аял менен нике кыйдырса болот. Себеби нике кыюунун өзү жыныстык алакасыз деле боло берүүчү нерсе. Анда кандай жол тутуу керектигин төмөндөгү тексттен билип алабыз. Эгер бирине нике кыйылган болсо, наркысын өзүнө арам кылмайын ага (никелеп алганына) жакындык кылбай турат. Мисал үчүн, бир аял бир эркекке аял болуп турат. Ошол эркек никесиндеги аялдын эки аялдан бирин эркек деп кыялданганда ага экинчиси адал болбой турган тууган аялдарынан бирин күң кылып алды. Ошол күңүнө жакындык кылуу үчүн ага тууган болгон өз никесиндеги аялын талак кылуусу жана талак кылынган аялдын иддасы чыгуусу шарт. Же болбосо тескерисинче бир аял бир эркектин мүлкүндө күң болуп турат жана ага жыныстык жакындык кылган. Ошол эркек мүлкүндөгү аялдын эки аялдан бирин эркек деп кыялданганда, ага экинчиси адал болбой турган тууган аялдарынан бирин никесине аял кылып алды. Ошол никесине алган аялына жакындык кылуу үчүн ага тууган болгон күңүн азат кылуусу шарт. Бул мисал түрдүү көрүнүштөрдө болушу мүмкүн. Никеси убактылуу арам болгон аялдардан калгандары төмөнкүлөр: 1. Эри бар аял; Демек эри бар аялга үйлөнүү арам. Эри өлүп же эринен ажырашып иддада олтурган аялдар да, идданын мөөнөтү бүткөнгө чейин эри бар аялдардын катарына кирет. Булардын никеси да убактылуу арам. 2. Өзү үч талак кылган аял; Эркек киши өз аялын бир талак же эки талак кылса, кайрадан жарашса болот. Бирок үч талак кылгандан кийин ошол эр үчүн ал аял убактылуу арамга айланат. Курандын өкүмү боюнча, ал аял башка эрге тийип, табигый абалда өлүм же талак себептүү ажырашкандан кийин гана биринчи эрине никеси адал болот. Ал үчүн албетте, экинчи эр бул аял менен толук кандуу эрди-катын болуп жашоосу шарт. Экинчи эр жыныстык алакага кадыр эмес киши болсо, аял биринчи эрине кайрадан адал болбойт. Мында нике туура нике болуусу да шарт кылынган. Маселен үч талак болгон аял иддасы чыккандан кийин башка бирөө менен зына кылган болсо да, ошол үч талак кылган эрине адал болбойт. 3. Самавий динге эътикад кылбай турган мажусий же бутпарас болгон аял. Бул өкүм мусулман киши үчүн муслима, християн жана яхудий аялдан башка аялга үйлөнүүгө болбостугун билдирет. Мусулман аялдарга болсо мусулман эркектерден башка эркектерге тийүүсү арам. “Самавий” дин дегенде, ислам, християн жана яхудий диндери түшүнүлөт. Башка ар кандай динге эътикад кыла турган же динсиз болгон аялдардын эч бирине үйлөнүүгө болбойт. Ошондой эле, исламдан баш тарткан муртад аялга да үйлөнүүгө болбойт. Аллах Таала Куранда мушрик аялдарга, алар ыйман келтирмейин үйлөнүүгө болбостугу жөнүндө мусулмандарга катуу эскертүү берген. Фатва китептердеги тесттерге назар салып чыгалы فَلَوْ أَيْقَظَ زَوْجَتَهُ لِيُجَامِعَهَا فَوَصَلَتْ يَدُهُ إِلَى بِنْتِهِ مِنْهَا, فَقَرَصَهَا بِشَهْوَةٍ وَهِيَ مِمَّنْ تُشْتَهَى يَظُنُّ أَنَّهَا أُمَّهَا, حَرُمَتْ عَلَيْهِ الْأُمُّ حُرْمَةً مُؤَبَّدَةً, كَذَا فِي «فَتْحِ الْقَدِيرِ». Мисал үчүн: Бир киши түнү аялы жана аялынын балакатка жеткен кызы уктап жаткан бөлмөгө кирип, шахватын кандыруу үчүн аялын ойготуу максатында адашып балакатка жеткен кызын аялы деп ойлоп шахват менен кармаласа, өпсө, сыласа же чымчыласа аялы ага түбөлүк арам болуп калат (Фатаваи Хиндия). Суроо: Бир киши кайын энеси менен кол берип көрүшүп жатканда шахваты козголуп кетсе, бул да мусахара жолу менен арам болуу шартына киреби? Жооп: Эгер бир киши өз аялынын энесине жакындык кылса, же шахват менен өпсө, же аялынын энеси күйөө баласын өпкөндө экөөсүнөн бирөөсүндө шахват козголсо, ошол кишиге аялы түбөлүк арам болот. (قَبَّلَ أُمَّ امْرَأَتِهِ تَحْرُمُ) امْرَأَتُهُ (مَا لَمْ يَظْهَرْ عَدَمُ الشَّهْوَةِ، وَفِي الْمَسِّ) أَيْ إذَا مَسَّ أُمَّ امْرَأَتِهِ ( لَا ) تَحْرُمُ مَا لَمْ تَعْلَمْ الشَّهْوَةَ؛ لِأَنَّ تَقْبِيلَ النِّسَاءِ غَالِبًا يَكُونُ عَنْ شَهْوَةٍ وَالْمُعَانَقَةُ بِمَنْزِلَةِ التَّقْبِيلِ Эгер аялынын энесин шахватсыз өпкөнү ачык болбогон абалда өпсө, аялы ага арам болот. Кармоодо, кайын энесин шахват менен кармаганы анык болбосо, арам болбойт. Өпкөндө (шахватсыз өпкөнү ачык болбогон абалда болсо да) арам болуусуна келсек, адатта аялдарды өбүү (көбүнчө) шахват менен болгондугунан. Кучакташуу да өбүү сыяктуу (Дуррул-Мухтар). Суроо: Фикхий китептерде “Зына же эр аялына кыла турган иштердин бирин кылуу менен мусахарат арамдыгы сабит-дайын болот” делинген. Эгер ошол нерселерди кыялына келтирип элестетсечи? Жооп: Мындай иштерди кыялында элестетүү менен мусахарат арамдыгы сабит болбойт. عَن أَبِي هُرَيْرَةَ رَضِيَ اللهُ عَنْهُ، قَالَ: قَالَ رَسُولُ اللهِ صَلَّى اللهُ عَلَيْهِ وَسَلَّمَ:» إِنَّ اللهَ تَجَاوَزَ عَنْ أُمَّتِي مَا وَسْوَسَتْ بِهِ صُدُورُهَا، مَا لَمْ تَعْمَلْ بِهِ، أَوْ تَتَكَلَّمْ«. مُتَّفَقٌ عَلَيْهِ. Абу Хурайра (разияллоху анху) риваят кылат: «Расуулуллах (соллаллоху алайхи васаллам) мындай деп айтты: «Чындыгында Аллах үммөтүмдөн жүрөгү васваса кылган нерселерди аткарбаса же сүйлөбөсө кечирип жиберет» (Имам Бухарий жана Муслим риваяты). Аял киши менен урмат жүзөсүнөн кол берип учурашуу Суроо: Кээде эркек киши абже-таежелери менен кол берип учурашат. Алардын жашы чоң болгондуктан кол берип учурашуусу урмат жүзөсүнөн болот. Кээде ошол аялдар жээнинин чекесинен өөп да көрүшөт. Ошондо жээн өзүнүн абже-таежесинин кыздарына үйлөнсө болобу? Жооп: Мусахарат арамдыгы сабит болушу үчүн аял же эркектин биринде шахват табылуусу шарт. Эгер урмат жүзөсүнөн учурашкандыгы анык, шахват менен экендигине далил да, күмөндүн басымдуулугу да болбосо, мусахарат арамдыгы сабит болбойт. Суроо: Бир келин кайын атасынын кызматы же эринин урматы үчүн кайын атасынын бели же буттарын укалап массаж кылып коюусунун зыяны жокпу? Жооп: Келиндер кайын эне жана кайын атасынын кызматын кылуусу албетте жакшы, алардын батасын алуу да жакшы. Бирок кээ бир кызматтар эр менен аялдын ортосундагы никенин үзүлүп кетүүсүнө алып барышы мүмкүн. Эгер келин массаж кылып жатканда өзүнүн же кайын атасынын шахваты козголуп кетсе, ошол келин эрине арам болот. (وَشُرِطَ) فِي (حِلِّ) النَّظَرِ (الْأَمْنُ عَنِ الشَّهْوَةِ) فَإِنَّ مَنْ لَمْ يَأْمَنْ لَمْ يَحِلَّ النَّظَرُ احْتِرَازًا عَنِ الْوُقُوعِ فِي الْحَرَامِ Махрамдарынан, кароосу адал болгон жайларына кароодо, (кармоодо) шахват менен болбоосу шарт кылынган. Кимде-ким өзүн шахваттан тыюуга ишеничи болбосо, арамга кол уруштан сактануу максатында ага кароосу (кармоосу) адал болбойт. Зына кылынган аялдын энеси, чоң эне жана таенелери, кыз-неберелери арам болуусу жөнүндө Жахилият доорунда арабдарда өгөй энеге үйлөнүү адаты бар болчу. Бул көбүнчө аялдарды зулумдук менен жөнү жок эле тутуп турууга да себеп болгон. Себеби көп учурда баланын чоңоюп эрезеге жетүүсүн, андан соң атасынын аялына – өгөй энесине үйлөнүүсүн күтүүгө туура келчү. Эгер уулу атасы өлгөн учурда эрезеге жеткен болсо, өгөй энеси ага мурас катары аял болуп калган. Аллах Таала төмөнкү аят менен бул ишти арам кылды. Аллах Таала “Ниса” сүрөсүнүн 22-аятында мындай деген: وَلاَ تَنكِحُواْ مَا نَكَحَ آبَاؤُكُم مِّنَ النِّسَاء إِلاَّ مَا قَدْ سَلَفَ إِنَّهُ كَانَ فَاحِشَةً وَمَقْتًا وَسَاءَ سَبِيلًا «Атаңар өз никесине алган аялдарды никеңерге албагыла! Бирок бул иш мурда болуп өткөн болсо кечиримдүү. Албетте, ал өтө ыплас иш, жийиркеничтүү жана өтө жаман жол!». Аяттагы никеден мурат – жакындык кылуу. Нике сөзү жакындык кылууга карата (каймана маани эмес) акыйкат-түз саналып, аят ата менен (зына менен болсо да) жакындык кылган аял уулуна арам болуусуна далил болот. Аятта адал кылынган аялдарды санап өтүп, аларга жакындык кылуу зына менен эмес, адал жолу менен болгондо гана мусахара арамдыгы сабит болот деп белгилөө аятка зияда кылуу (каршы чыгуу) болуп саналат. Бул зиядалык аахад кабарлар менен сабит болбойт. Имам Шафеъий (рахимахуллах) далил кылып келтирген сөз, аахад кабар болуп, аны менен Куранга зияда кылуу сабит болбойт. Ханафий мазхабындагы сөз Умар ибн Хаттаб, Абдуллах ибни Масъуд, Абдуллах ибн Аббас, Имран ибн Хусайн, Жабир, Убай ибн Каъб жана Айша (раизяллоху анхум)дардын жана Хасан Басрий, Нахаъий, Авзаъий, Тавус, Мужахид, Атаа, Саъид ибни Мусаййиб, Сулайман ибн Ясар, Аммар, Саврий, Исхак ибн Рахавиййадай таабеъийндер жумхурунун сөзү. “…Бирок бул иш мурда болуп өткөн болсо кечиримдүү…” Ушул аят назил болгондон кийин атанын никесинде болгон аялга уулунун никеленүүсү тап-такыр арам кылынды. Аят түшүүсүнөн мурда, жахилият адаты боюнча бул иш болгон болсо, кечирилет. Аллах Таала мусулмандарга өз аталары үйлөнгөн аялга үйлөнүүнү ушул жол менен арам кылды. Арам кылганда да, атанын никесинде болгон аялдарга уулунун үйлөнүүсү мүмкүн эместигин жарыя кылып коюу менен гана чектелбей, бул иштин ыплас экенин да айтты, Аллах Тааланын каарын келтире турган иш канчалык жаман жол деп бааланды. “… Албетте, ал өтө ыплас иш, жийиркеничтүү жана өтө жаман жол!”. Чындыгында бул иш инсанияттын табиятына туура келбеген нерсе. Себеби ата менен ыйык алакада болгон аял уулуна апа болуп саналат. Атасынын урматы бар! Экинчиден, адатта эр өз аялынын биринчи эрин жаман көрөт. Эгер уул атасынын аялына үйлөнсө, маркум атасына кандай көз карашта болот?! Аятта бул иштин өтө ыплас иш деп айтылып жаткандыгы да ушул. Бул ишти кылган адамга карата колдонула турган чара да өтө катуу – ким ушундай ыплас ишке кол урса, динден кайткан болуп саналат. Абдуллах ибн Умар (разияллоху анхума)дан риваят кылынат: “Бир киши бир аялга жакындык кылса, же өпсө, же шахват менен кармаса, же шахват менен ички фаржына караса, аял ал кишинин атасы жана перзенттерине арам болот. Ошондой эле ал кишиге аялдын энеси жана кыздары арам болот”. Ошондой эле имам Маликтин пикири машхур риваятта, ханафийлердин мазхабы сыяктуу. Имам Малик: “Өбүү жана кармоо жакындык кылууга барабар болот”, – деген. Жакындык кылуу менен мусахарат арамдыгы сабит болгондой, ички фаржына кароо, кармоо, өбүү менен да сабит болот. Эгер ички фаржына айнектин аркасынан же аял киши суунун ичинде турганда караса да мусахара сабит болот. Аялдын ички фаржына күзгүдөгү чагылганын же анын сүрөтүнө караса сабит болбойт. Себеби ал фарждын дал өзү болбой, анын чагылышканы болуп саналат. Аялдын эркек кишинин закарына (жыныстык мүчө) кароосу да, эркектин аялдын фаржына караган сыяктуу болот. Шахваттын чеги дили каалап андан кумарлануу жана жакындык кылууга каалоонун пайда болуусу. Кээ бир аалымдардын пикиринде “кишинин закары козголуусу шарт эмес”, десе, башкалар “шарт” деген жана фатва да ушуга (закардын козголуусуна) берилген. Караган же кармаган учурда шахват табылбай, кийин кыялына келгенде шахват козголсо, мусахара арамдыгы сабит болбойт. Кармоо, кароо же өбүү учурунда маний (сперма) төгүлсө, мусахара арамдыгы сабит болбойт. Себеби маний төгүлүүсү менен жакындык кылууга болгон каалоо түгөнөт. Аял жана жашы улгайгандардын шахватынын чеги, дилинде жакындык кылууга каалоосунун ойгонуусу. Балакатка жетпеген кыздар менен мусахара арамдыгы сабит болбойт. Жашы улгайган аялдарга карата шахваттын ойгонуусу да мусахара арамдыгын сабит кылат. Бир аял киши шахват менен балакатка жетпеген баланы кучактап өпсө же тескериси болсо мусахара арамдыгы сабит болбойт. Бирок балакат жашына жакындашкан же балакатка жеткен бала бир аялга ушул ишти кылса, ортодо мусахара арамдыгы сабит болот. Эгерде мына ушундай акмакчылык ишти өз энесине кылса, энеси атасына түбөлүк арам болот. Ата уулунун аялына жакындык же жакындыкка алып баруучу иштерден бирин кылса Суроо: Бир киши өзүнүн келинине шылкымдык кылып, ага жакындык кылса же жакындык кылууга алып бара турган амалдардан бирин кылса, келини уулуна арам болобу? Жооп: Эгер суроодогу абал ырас болуп, ошол иштерден бири жүзөгө келгени анык болсо, келини уулуна түбөлүк арам болот. Суроо: Күйөө бала өзүнүн кайын энесине жакындык кылганын моюндап, бир канча убакыттан кийин аны чанса, эмне болот? Жооп: Күйөө бала бир жолу болсо да жакындык кылганын моюндаган болсо, кийинчерээк аны чанса анын чанганы өтпөйт жана аялы түбөлүк арам болот. وَفِي الْخُلَاصَةِ قِيلَ لَهُ مَا فَعَلْتَ بِأُمِّ امْرَأَتِك فَقَالَ: جَامَعْتُهَا تَثْبُتُ الْحُرْمَةُ ؛ وَلَا يُصَدَّقُ أَنَّهُ كَذِبٌ وَلَوْ هَازِلًا Хуласа китебинде мындай делинген: «Ага аялыңдын энеси менен эмне иш кылдың», – деп суралса, ал «Жимаъ кылдым» десе, аялы ага арам болот. Эгер ал «Жалган айткан болчумун же тамашалаштым эле» десе да сөзүнө ишенилбейт» (Роддул-Мухтар). Суроо: Мусахара арамдыгы сабит болуусу үчүн төрт эркектин күбөлүгү болуусу шартпы же эки эркек же бир эркек, эки аялдын күбөлүгү болсо жетиштүү болобу? Жооп: Зынадан сырткары доолорду далилдөө үчүн эки эркек же бир эркек, эки аялдын күбө болуусу жетиштүү. “Роддул-Мухтар” китебинде зынадан башка акылар үчүн мейли ал каржылык болсун, же нике, же талак, же өкүлдүк сыяктуу каржы иштеринен башкалары болсун, эки эркек же бир эркек, эки аялдын күбөлүгү жетиштүү. Суроо: Мусахара арамдыгы сабит боло турган иштерден бири аялы тарабынан доо кылынса, бирок алардын бул ишке күбөсү болбосо, мунун өкүмү эмне болот? Суроо: Жогорудагы иштер себептүү арамдык сабит болсо аял иддага олтуруп, башкага никеленип кете береби? Жооп: Мындай абалда эрежеге ылайык, күбө табылбаганы үчүн арамдыктын сабит болуусу эркектин тастык кылуусуна байланыштуу болот. Суроо: Мусахара арамдыгы сабит болуп, эри аны тастыктаса эмне болот? Жооп: Мусахара арамдыгы сабит болгондон кийин аял эрине түбөлүк арам болот, бирок эри менен ажырашуу өкүмүн чыгаруу шарт. Тагыраак айтканда, эри талак же талакка далалат кылуучу сөздөрдү айтуусу керек. Ошол талактан кийин аял иддага олтурат, иддасы чыккандан кийин башкага никеленүүгө уруксат болот. Суроо: Ханафий мазхабындагы кишиге жалаң жогорудагы маселеленин өзүндө гана шафеъий мазхабындагы өкүм менен фатва берсе болобу? Жооп: Мындай абалга түшкөн инсандар үлкөн аалымдардан суроосу важиб болот. Туурасын Аллах Билүүчү! Даярдаган: Абибилла ажы Кадырбердиев
Кароолор (105)
|