Ислам дининин айланасындагы болуп жаткан оң багыттагы өзгөрүүлөргө жана тенденцияларга карабастан кээде айрым терс багыттагы көрүнүштөр да байкалып жатат. Тактап айтканда, соңку мезгилдерде Кыргызстанда башка өлкөлөрдөн кирип келген ар кандай агымдар жайылышы байкалууда. Алардын айрымдары Кыргызстандагы ханафи мазхабына ылайык калыптанып калган Ислам түшүнүгүнө карата ачыктан-ачык деструктивдүү багыт алып жатат.
Ошону менен бирге, элибиздин кылымдар бою түптөлүп калган каада-салтына карата агрессивдүү мамилеси байкалып жатат. Алардын айрымдары Ханафи мазхабындагы мусулмандарды ширк (көп кудайлуулук), жаңычылдык (бидъия) менен ачык эле күнөөлөп, көзү өткөндөргө Куран окуп, алакан жайып бата кылууну, Мухаммед Пайгамбардын (с.а.в.) мавлид жумалыгын өткөрүүнү, жаңы келген келиндин улууларга жүгүнүү салтын, улуттук оюндарды (көк бөрү), комузда ойногонду ж.б. айыптап жатышат.
Ошентип, айрым жаштар чет жерден диний билим алып келип, ар башка өлкөлөрдүн, ар башка элдердин, коомдордун ар биринин өзүнө гана таандык болгон тарыхый жана коомдук өзгөчөлүктөрүнүн ортосундагы айырмачылыктарын эске албастан, өздөрү билим алган өлкөдөгү маданияттын, каада-салттын призмасы аркылуу калыптанып калган Ислам түшүнүгүн таңуулоодо.
Айрым топтор болсо өздөрү окуп келген өлкөдө үстөмдүк кылган башка мазхабдардын принциптерин, же болбосо акыйдасын (ишенимин) жергиликтүү жаштар арасында жайылта башташты. Ошондуктан улуттук биримдикти, мусулмандар арасындагы ынтымакты, руханий баалуулуктарды коргоо жана колдоо максатында мамлекеттик саясатта жана концепцияда көрсөтүлгөн жана кабыл алынган «салттуу Ислам» теминин чечмелеп, түшүндүрүп ачып берүү зор мааниге ээ.
Салттуу Ислам – белгилүү бир өлкөдө, аймакта улуттук жана диний биримдикти сактап келген каада-салт жана үрп-адаттар менен бирге гармонияда жашап, тарыхый мезгил ичинде терең түптөлүп калган Исламдын жана анын практикасынын аныктамасы катары жакынкы эле мезгилде ММКда (массалык маалымат каражаттары) колдонууга киргизилген светтик темин болуп саналат.
Көптөгөн дүйнө элдери өздөрүнүн улуттук маданияттары менен бирге карманган жана Аллахтын жалпы адамзатка акыр кыяматка чейин ыроолонгон акыркы дини болгон Ислам, диний максаттарга таянуу менен ар бир элдин каада-салттарына тиешелүү болгон өзгөчөлүктөрдү жөнгө салат.
يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُم مِّن ذَكَرٍ وَأُنثَى وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوبًا وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِندَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ
«Э», адамдар! Биз силерди эркек[1] – ургаачыдан[2] жараттык. Ошондой эле бири-бириңерди таанып-билишиңер үчүн урууларга жана элдерге бөлүп койдук. Аллахтын алдында силердин эң сыйлууңар[3] — такыбараагыңар[4]. Чындыгында, Аллах – (баарын) Билүүчү, (баарынан) Кабардар!» (Хужурат сүрөсү, 13-аят).
Аллах ар башка элдерди жана маданияттарды жаратты жана Өз каалоосу менен адамдарды бири-биринен айырмаланып туруусу үчүн (каада-салттары жана үрп-адаттары аркылуу) ар башка кылып жаратты. Ислам элдерди жана алардын алгачкы улуттук иденттүүлүгүн сактап келет. Ошондуктан Ислам Орто Азиядагы жана башка аймактардагы адамдарды бири-бирине аралаштырып жиберген эмес.
Диний чөйрөдө «салттуу Ислам» деген өзүнчө термин жок, бирок «салттуу Ислам» түшүнүгү (Кыргызстандагы жана Орто Азия өлкөлөрүндөгү) Маваранахрдын ханафи окумуштууларынын жолун жана ыкмасын, илимий казынасын жана руханий баалуулуктарын түшүндүрөт.
Маваранахр окумуштууларынын бул руханий баалуулуктары, илим-билими, методдору жана жолу көптөгөн кылымдар бою мусулмандар арасында муундан-муунга өтүп келген. Ошондуктан «салттуу Ислам» түшүнүгү ахли сүннөт вал жамааттын: имам Бухаринин, имам Муслиманын, Имам Тирмизинин жана имам Сарахси, Абу-л-Лайс ас-Самарканди, Абу Мансур ал Матуриди, Абу Хафс аль Бухари, Абу-л-Муин Маймун ибн Мухаммад ан-Насафи, Ала ад-дин ас-Самарканди, Бурхан ад-дин ал-Маргинани, Тахир ибн Ислам Хорезми, Аляуддин Тарджумани, Фахр-уль-ислам Али Баздави, Бахаудин Накшбанди, Ахмед Ясави жана башка ушундай сыяктуу азыркы Орто Азиянын жана Казакстандын аймагында жашаган көптөгөн суффизмдин жана Матурудиянын келам мектебинин Ханафи мазхабын карманган окумуштуулардын руханий жана илимий мурасына кирет.
Сирия, Иран, Пакистан, Турция, Индия жана башка ушундай сыяктуу башка аймактардагы же өлкөлөрдөгү Ханафи мектеби жана андагы руханий мурастар аталган өлкөлөр үчүн салттуу болуп саналат да, ушул эле өлкөлөр үчүн салттуу Ислам катары белгиленет. Башкача айтканда, бул өлкөлөрдөгү жергиликтүү элдердин тутунган Ханафи мазхабы ал элдердин өздөрүнө гана таандык болгон улуттук менталитетине, маданиятына, каада-салт, үрп-адаттарына таянуу менен Кыргызстанда жана Орто Азия өлкөлөрүндө жашаган элдердикинен айырмаланып турат.
Ошондуктан борбору Бухара жана Самарканд болгон Борбордук Азиядагы ханафизм, жергиликтүү салттарды, аймакта жашаган элдердин маданий өзгөчөлүктөрүн, көчмөн турмушта жашап же жер иштетүү менен алектенгениндигин, саясий түзүмүн, коомдун социалдык түзүлүшүн, экономикасын ж.б. эске алганда, башка аймактардан (Ханафи мазхабы кеңири тараган башка аймактардан дагы) айырмаланып өзүнө гана тиешелүү өзгөчөлүктөргө ээ.
Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстандагы ханафизм же «салттуу Ислам» түшүнүгү, укуктук мектеп катары, өз ичине акылга таянуу менен (ахль рай) түзүлгөн Ханафи мазхабын жана анын методологиясын, Матуридийдин диний ишенимин (келам), Накшбандия тарикатын (тасаввуф) жана Исламга каршы келбегенин эске алуу менен жергиликтүү каада-салт, үрп-адаттарды жана маданий өзгөчөлүктөрдү камтыйт.
Даярдаган: Азирети Муфтийдин орун басары Кадыр ажы Маликов.
Кароолор (416)
|