Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 
Яндекс.Метрика

 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу
Макалалар
Исламда муун тарбиясы

Жаратканга мактоолор жана Анын акыркы элчиси, жакшылык жарчысы Мухаммад алейхи саламга салават,  саламдар болсун.

Ырасында ар кимди Аллах туура жолго салган болсо аны эч ким адаштыра албайт, ал эми кайсы бирин адаштырган болсо аны эч ким туура жолго сала албайт.

Эгерде таза кишини ийгиликтүү коомдун себепчиси катары саноо мүмкүн болсо, анда таза үй-бүлө ошол коомдун  негизги сөөгү болуп саналат. Ислам доктринасына ылайык  таза жана туура үй-бүлө бул – эки тараптын бири-бирине макулдук ыктыярын тандоо негизинде түзүлгөн, күйөөсү өз жарынын жана балдарынын укугун сактап коргогон, ал эми жары болсо күйөосүнө баш ийген, эки тарап тең бири-бирине кыянаттык кылбаган, жакшы алаканын жана сүйүүнүн негизинде аракетке келип, ошол эле нерсени жары күйөөсүнө, балдарына  жасап, анан балдары ата-энесине мойун сунуп урмат кылып Шариятка ылайык алардын укугун сактаган жерди айтабыз. Мындай болгон тарбия очогунан чыккан балдар чөйрөгө тарбиялуу болуп чыгып, алган тарбиясы менен өз тукумун улаганга жана коом менен туура жуурулушканга, ылайыктуу болуп бышып чыгат. Ошентип  үй-бүлөдө туура сакталган укук-милдеттердин жана тарбиянын мындай түрү эртеңки күнү мөмөлүү жыйынтык берет.

Бирок тилеке каршы учурда көрүп, тажрыйбада болуп турган нерсе башка. Ал да болсо заманыбызда көпчүлүк коомчулуктар, сансыз үй-бүлөлөр адепсиздиктин айынан башынан кечирип жаткан үй-бүлөлүк кайгы. Болгондо да ал дарт өзгөчө жаш өспүрүм кыздардын жана  балдардын арасынан орун алган дарт. Биз жашап турган адамзат коомчулугунун бирин да мындай дарттан оолак деп саноого болбойт, бир гана бири экинчисинен, ал дарттын деңгеели менен гана айрымаланышы мүмкүн. Андыктан биз бүгүн балдарыбызга болгон жоопкерчиликти жана тарбияны Ислам призмасы менен карап көрүү зарылчылыгына келип олтурабыз.

Маселенин төркүнүн коюп, өзүбүздүн канчалык чоң көлөмдө көйгөйгө бет алганыбызды далилдеген мисалдарга карап көрөлүк.

(Америкалык психолог, илимий журналист) Дэниель Гоулман мындай дейт: «Америка (АКШ) акыркы он жылдыкта көргөнүн тарыхта көргөн эмес. Өспүрүмдөр ортосундагы күч колдонуп жасалган кылмыштарды, анын ичинде зордуктоо жана өлтүрүү сымал оор иштерди кошуп санаганда алардын көлөмү төрт эсеге өстү, көпчүлүк учурда алар өз ара бири-бирин атышуусунун натыйжасында мындай оор кылмыштар жасалат. Өзүн өзү өлтүрүү деңгээли ушул эле жыйырма жыл ичинде үч эсе өстү, ушундай эле көрсөткүчтү 14 жашка чыкпай туруп, мындай оор кылмыштардын курмандыгы катары жаш балдардын сансыз  катталгандыгын айтпай койууга болбойт.

Андан да кейиштүүрөөгү, жаш кыздардын боюна бүтүүсү, 10дон 14жашка чейинки жаш энелердин төрөп койуусунун саны кескин өстү. Бул нерсе акыркы беш жылдын ичинде туруктуу өсүп келди. Анын натыйжасында баарыбыз билген (Балдарды балдар төрөйт) деген  белгилүү фраза пайда болду. Мындай көрүнүштөрдүн өсүүсү аргасыз бойюа бүтүп калуунун көрсөткүчү менен өлчөнөт жана өспүрүм балдардын жаш кыздарга жыныстык жакындашууну искеп ыктоосу катардагы ишке айланды, ошентип жаш өспүрүм кыздардын арасында жыныстык оорулардын көлөмү мурдагы отуз жылга салыштырмалуу үч эсеге өсүп олтурат. Натыйжада мынчалык жогорку көрсөткүчтөр менен канчалык төмөн түшүп калгандыгыбызды суктана карап алсак болот».

«Бул көрүнүш эч бирин соо калтырбай, баарына тегиз коркунуч алып келет. Бала байдыкыбы, кедейдикиби, кайсы бир топтун же жалпы коомдун баласыбы, анын расалык же финансылык айрымачылыгына карабастан туруп бул биздин жалпы көйгөйүбүз».

«Балалык кезде чүнчүү көрүнүшү (Феномен депрессии) бүт дүйнө жүзүн алкымдай турган болду көрүнөт»

«Талап кылынып жаткан нерсе, ал чүнчүүдөн айыктыруу гана эмес, балким анын алдын алуу болуп саналат» — деп аты аталган илимий журналист бул көйгөйгө токтолуп өтөт.

Дэниель Гоулмандын жогоруда Америка коомчулугу тууралуу ачык көрсөтмөсү  калган бардык коомдорго тиешелүү экендигин өкүнүч менен кабылдайбыз, өзгөчө Европа коомчулугу үчүн.

Ооба – эгерде адамзат башына келген коркунучтуу абал жөнүндө элестеткибиз келсе, анда ал коркунуч биздин экономикалык абалыбызда же бизди курчап турган жаратылышыбызда эмес, балким адамзаттын тек өзүндө экендигин байкап турабыз. Ошол эле учурда тек адамзаттын өзүндөгү көйгөй анын билиминде же дүйнө байлык дараметинде эмес, балким ал көйгөй анын көркү болгон адеп-ахлак жана ыйманында экендиги айдан ачык. Андыктан ар-бир жеке инсан үчүн жана жалпы коом үчүн зарыл маселе бул жаңы муундун таза тарбиясы экендиги да айкын. Ал эми ал таза тарбиянын асыл булагы ыймандуулук экендиги да талашсыз.

Келиңиз эми ошол эле зээн кейиткен көрсөткүчтөр биздин жашаган жерибизде, кыргыз коомчулулугунда кандай, карап көрөлүк. Жогоруда мисал катары айтылган Америка коомчулугундагы көрүнүштөр менен таанышып, анан ошол эле кейиштүү сүрөттүн өзүбүздүн жашообуздан орун тапканын көрүп бул ушунчалык жугуштуубу деп да ойлойсун.

Ооба ал ушунчалык жугуштуу да, оорулуу да, келечеги кейиштүү да дарт. Кыргызстан коомчулугу башка элдердей эле эркин жашоонун жараянына кошулуп, ал эркиндиктин кандай кооптуу жактары бар экенине бул күнгө чейин маани бербей бейкапар жашап келебиз. Анын натыйжасында биздин балдарыбыз кылмыш менен, кыздарыбыз жаман иш менен алектенип калышты. Кыргызда «Жаман айтпай жакшы жок» дейт, анын сыңары учурда жаш муунубуздун тарбия таакаты алсыздай. «Кызга кырк үйдөн тыйуу» деген сөз биздики болгону менен көпчүлүк адепсиздикти, уятсыздыкты жана маданиятсыздыкты кыздарыбыз жасаганын көрүп, алдагы акылман сөзүбүз ишке ашпаган куру кепке айланганбы деп да ойлойсуң. Маалымат булактарынан күндөп таркалып жаткан ыймансыздыктын жана уятсыздыктын таасиринен анын кайтарымы катары, ошол эле жерден кошо берилген ал бузуку булактын натыйжасын көрүп, биздей болгон кичинекей эл үчүн, бир баланын адепсиз болуп кылмышка кирүүсү, же бир кыздын уятсыз болуп көчөгө чыгуусу – бул, биз үчүн абдан көп деп үн баспай кыйкыргың келет. Бул көрүнүштөр коомубуздун жоголуу коркунучу жөнүндө кабар берет, себеби дегенде заманыбызда адамдар абада чымчыктай учуп, сууда балыктай сүзө алды, а бирок жерде адамдай баса албай калды. Кливленд шаарынын мэри айткандай: «Эгер биз азыр ойгонбосок, тарых биз жөнүндө «Адамды айга чыгарып, бирок өздөрү белчесинен таштанды менен чылага баткан муун болушкан экен» — деп эскеришет.

Балдарыбыз Жараткан алдындагы, андан соң ата-эне, аны менен кошо мекен жана коомчулук алдындагы  жеке укук милдеттерин жаштайынан так таанып чоңойсо мына ошол нерсе өлкөбүз үчүн чыныгы байлык болуп саналат. Мына ошол жоопкерчиликтер артында жаңы муун өнүгүүнүн жаңы багытына өтүп, коомчулук кайгысынын алдын алмак. Ансыз учурда өзүбүз күбө болуп көрүп турган кээ бирки элдерде, уяттуулук артта калуунун, шылуундук чыгаандыктын, жакшылык кылуу аңкоолуктун, зөөкүрлүк күчтүүлүктүн белгиси катары тааныла баштады. Кийим кечеби же жүрүм турумбу же коомдук алакабы бардык деңгеелдерде мүчүлүштөр ачык көрүнө баштады. Натыйжада адамдык маданият чыныгы өз нугун жоготуп, жапайылыктын маданияты жайылуу алдында турат. Бардык акылмандардын башын оорутуп келген көйгөй бул мына ушул көйгөй, канткенде адамдардагы баалуулуктарды ошол боюнча сактап калуу. Бирок кайсы жол, кайсы усул, кайсы идеология анын кепилдигине өтө алат. Сунуштар барбы?.

Жер бетиндеги мыйзамдардын ичинен Ислам мыйзамы бала тарбиялоого өзгөчө маани берген. Баланы туура тарбиялоонун негизги булагы катары түз жана таза үй-бүлө курууну шарттаган. Андыктан айтышат эмеспи, үч күндүк чүргөктөгү баласын тарбиядан кеч калтырбайын деп даанышманга шашып келсе, аны-муну сурамжылаган аалым айткан экен, сен бир жылга кеч калыптырсың деп, көрсө бала бойго бүтө электен тартып ага кам көрүүнү динибиз үйрөтөт экен. Мына ошол биз максат кылган таза үй-бүлө эми коомдун келечеги, эртеңкинин ээси болгон инсандарды даярдап чыгарат. Бул чоң милдетти жүзөгө ашырууну үй-бүлөнүн уйуткусу болгон аял менен эркек экөө тең барабар, кудай алдындагы кулчулук катары аркалоосу шарт.

Бала тарбиясы ата-энеге бирдей жооптуу милдет экендигин пайгамбар (САВ) төмөнкү сөзүндө мындай баяндайт. «Ар бир жарыкчылыка келген наристе жалгыз жаратканга болгон табийгый таза ишеними менен төрөлөт, бирок алардын ата-энелери кээ бирлерин отко сыйынуучу же ача таяка чокунуучу же жөөттөрдөн кылып койот» деген. Ооба, бизге аярлап ача таяктан корккон же отко сыйынып жансызга табынган же башкадан өзүн өйдө койгон жөөттөй текебер кишилер керек эмес, балким бизге эле эмес жалпы коом үчүн да алар керек эмес.

 

  Макаланы даярдаган:

КМДБнын окуу бөлүм башчысы Акимжан ажы Эргешов.

 

Кароолор (578)

Никах

Сайтта колдонуучулар: 10373