Пендени Жараткан Кудуреттин алдына алып чыга турган ибадаттардын эң улуусу – бул намаз. Анткени намаз маани – маңызы, мазмуну жана даражасы жагынан бардык ибадаттардын өзөгү катары туу чокусунда турат.
Ааламдагы күн, ай, жылдыздар, тоолор, бак – дарактар, жан жаныбарлар, айтоор, жандуу – жансыздын баары зикр абалында, т.а. жалгыз Жараткан Алланы даңтаган абалда болушат. Алар Алла Таалага биз билбеген тааризде ибадат кылышат. Өсүмдүктөрдүн ибадаты кыям абалында, жан – жаныбарлардыкы рүкү абалында, жансыз сыяктуу көрүнгөн тоо – таш, түздүк талаалардын жана башкалардын ибадаты сажда абалында болот. Асмандагыларда ушул сыяктуу абалдарда болушат. Периштелердин бир бөлүгү кыямда, бир бөлүгү рүкүдө, бир бөлүгү саждада, бир бөлүгү Жаратканды даңдап тасбих жана тахлил айткан абалда болушат. Ал эми Аллах Таала момун — мусулмандарга намазды өзүнчө (мираж) катары ыроолоп берген. Анда жандуу – жансыздардын ибадаттарынын баары топтологон. Андыктан, намазды чын ыкластан окугандар асман- жерде жашаган бүтүндөй жандуу – жансыздын ибадаттарын аткаргандай көп соопко эгедер болуп, Алланын өзгөчө ырайымына бөлөнүшөт.
Бул дүйнөдө намазга окшош бир дагы ибадат жок. Адам намаз окуп жаткан мезгилде намаздан башка эч нерсеге көңүл бурбайт. Намаз аны тиричилик менен болгон байланышын үзөт. Аллах Тааланын алдына алып чыгат. Башка ибадаттарда мындай эмес. Мисалы, орозо кармаган адам орозо учурунда өз жумуштары менен алек болуп, ал эми ажылыкка барган адам кааласа, базарга барса болот. Аятта мындай деп айтылат:
«Сажда кылгын да, жакында!» (Алак сүрөсү, 19)
Намазда пенденин дене — мүчөсү кыймылга келип, ойдун баары бир жерге топтолот. Муну менен адам баласынын ден – соолугу чыңалат жана жашоосун белгилүү тартипке ылайык өткөрүүнү жана убакытты туура пайдаланууну үйрөтөт.
Ал эми руханий жактан намаз адамды Алланын алдында туруунун адебин сактоого, терең ой жүгүртүүгө тарбиялаган жана ыйманды бекем сактоого дем — күч берген өзгөчө берекелүү ибадат болуп саналат.
Намаз жалпы коомго да кайталангыс оң таасирин тийгизет. Ал элди биримдикке, тынчтыкка, ынтымакка, боордоштукка чакырат. Айрыкча, жамаат менен окулган намаз, жума жана айт намаздары адамдарды улутуна, жерлигине, өңү – түсүнө, тилине, мансабына, байлыгына карабастан бир сапка тизип, жалгыз Аллага ибадат кылууга, ал аркылуу биригүүгө, бири – бирине арка – жөлөк болууга, жардамдашууга тарбиялайт.
Намаз адамдын жан дүйнөсүн көркүнө чыгара турган баа жеткиз ибадат. Мусулман адам намаз аркылуу Алланын алдына чыгып, ыклас, адеп, таквачылык, чынчылдык сыяктуу асыл сыпаттарга ээ болот. Намаз мусулман адамдын жан – дүйнөсүн байытып, көңүлүн жазга айландырат.
Намаз күн сайын беш маал окулгандыгы үчүн дайыма Аллах Тааланы эстеп жүрүүгө тарбиялайт. Жүрөктү Жаратканга жакындатат. Ал Жараткандын чексиз кудуретин, чексиз ырайымын, чексиз мээримин теңдешсиз улуктугун, каардулугун жана оор азабын эске салат. Ошентип, адамды ар кандай жаман сөздөрдөн, жаман адаттардан жана күнөө иштерден алыс кармайт. Куран аяттарынын биринде маалымдалгандай:
«(Эй, Мухаммад!) Сага вахий аркылуу түшүрүлгөн китепти оку! Ошондой эле намаз оку! Албетте, намаз (адам баласын) бузукулуктан жана күнөөлөрдө алыс кармайт. Алланы зикр кылуу – бул, эң чоң иш. Аллах Таала жасаган ар бир ишиңерди билип турат». (Анкабут сүрөсү, 45 – аят)
«Күндөрдүн биринде бир адам Азирети Пайгамбарыбызга келип:
-Баланча адам түнкүсүн намаз окуйт да, таң аткан соң уурулук кылат! – деп суроолуу карайт. Анда Азирети Пайгамбарыбыз (САВ):
-Эгерде ал намазды чын ыкластан окуса, намаз жана намаз учурунда окуган Куран аяттары аны жаман ишинен кайтарат! – дейт». (Ахмат – 2/447)
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу кылмыштуулук мусулман өлкөлөрүнө өтө төмөн көрсөткүчтө. Себеби, мусулман пендеде Кудайдан коркуу, адамдын акысына астейдил мамиле бар. Европалык изилдөөчүлөр «Ислам өлкөлөрүндө кылмыштуулук эмне үчүн өтө аз дешет?» — деген суроонун айланасында олуттуу түрдө илимий изилдөөлөрүн жүргүзүп келет.
Мунун эң маанилүү себеби – Исламдын ишеним негиздери, андагы ибадаттар жана адепке тарбиялаган эрежелери. Исламдын тарбиясын алган адам Алладан коркот, ийненин көзүнчөлүк болсо да, жасаган ар бир ишинин акыреттеги акыбетин көрө тургандыгын билет. Ошентип, ал жакшылыкка жанашып, жамандыктан жаа бою качып, адал өмүр сүрөт.
Белгилүү убакты – саатында окулган намаз адамды белгилүү убакыт аралыгында аралыксыз жасап жаткан жумушунан бошотуп, эс алдыруу менен өзүнө келтирет. Жараткан Эгесине шүгүр келтирүүгө жана ибадат аркылуу Анын чексиз мээримине бөлөнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берет. Саждага жыгылкан адам Жаратканга жакындайт.
Адамдарды улам барган сайын бири – биринен алыстаткан, байлыктын, өзүмчүлдүктүн кулу кылган, бүгүнкү күндөн өтө олуттуу бир көйгөйү – адамды жалгыздыкка жетелеген сезим. Инсанды психологиялык ооруларга дуушар кылган бул сезимдин эч жерден табылгыс дарысы – бул, намаз. Жеке болсун, же көбүрөөк сооп табуу үчүн жамаат менен болсун, айтор, окулагн ар бир намаз жалгыздык сезимди күн сайын эң аз беш жолу басандатат. Жеке окулган чакта намаз пендени Алланын астына чыгарат жана ага жалгыз эмес экендигин эскертип турат. Ал эми, жамаат менен окуган кезде да Алланын алдына барат жана мусулман боордоштору менен чогуу болот.
Социология илими боюнча чыгаан адис, профессор Үмүт Мерич мындай дейт:
«Намаз окуган коомдун психологияга, ал эми зекет берген коомдун социологияга эч кандай муктаждыгы жок!»
Алла Таала намаз жөнүндө: «Сажда кылгын да, жакында!» — дейт. Ошондой эле бейпилдикке жеткен пенделер намазды «хушуу» сезими менен чын ыкластан окуй тургандыгын айтат. Намазын хушуу менен окуган адамдын Алла Таалага болгон сүйүүсү, тобокелдиги жана моюн сунуучулугу бекемдейт. Мындай адам ар кандай психологиялык оорулардан алыс болот. Анткени ал эң улуу күчкө, т.а., Алла Таалага гана моюн сунуп, өзүн Ага гана тапшырып койгон абалда болот.
Намаз окуган адам Алла Тааланын карамагында болгондугун сезип, бейпилдикте жашайт. Азирети Пайгамбарыбыз (САВ) намаз окубагандар жөнүндө мындай деген:
«…Кимде – ким намазды билип туруп окубай койсо, ал Алла Тааланын карамагынан алыс калат» (Ибн Маажа, Фитан, 23)
Намаз окуган коомчулук ар тараптан бекем болот. Пайгамбарыбыздын учурунда күндөрдүн биринде бир дарыгер Мединага иштөө үчүн келет. Арадан бир топ убакыт өтөт. Бирок, ага эч ким кайрылбайт жана ооруга чалдыккан эч бир адамды жолуктурбайт. Акырында Азирети Пайгамбарыбыз (САВ) ага өз жерине кайтышын айтат. Бул нерсе да жогорудагы профессордун айтканын бир далили. Жазма булактарга назар салганыбызда, Пайгамбарыбыздын учурунда психологиялык ооруларга чалдыккандар жокко эсе болгон.
Алла Таала Азирети Пайгамбарыбызды бүткүл адамзатка үлгү катары жөнөткөн. Ал ар тараптан үлгү болгондой эле, психологиялык тарбия жагынан да үлгү болгон. Ыймандуу коомду куруу жагынан кайталангыс ар тараптуу өрнөк болгон. «Асру саьадат» т.а., «бактылуулук кылымы» — деген алтын доордо жашаган кутман сахабалар бул айтылгандардын эң таасын далил, Пайгамбар тарбиясынын жемиши десек болот.
Мындан сырткары намаз ыймандан кийин Жараткан Алланы даңктап эстөө үчүн аткарылган ибадаттардын эң башында турат. Келмеден кийинки эле Исламдын эң негизги түркүгү болуп саналат. Намаз окуган адамдын кичине күнөөлөрү кечирилет. Күндөрдүн биринде Азирети Мухаммед (САВ) кутман сахабаларына кайрылып: — Бирөөңөрдүн эшигинин алдында бир дарыя агып турат дейли. Анан ал адам, күн сайын ошол дарыяга түшүп, тазаланып турса, анда кир калат деп ойлойсуңарбы? – деп суроо узатат. Анда сахабалар бир ооздон: — Жок, калбайт, — деп жооп беришет. Анда Пайгамбарыбыз: — Беш маал намаз окуу дал ушундай. Алла Таала беш маал намаз менен кулун күнөөлөрүн тазалап турат, — дейт. (Муслим, Масажид, 283; Бухари, Мавакыт, 6)
Азирети Пайгамбарыбыз бул жерде бирде толкуп, бирде мелмилдеп үйдүн астынан агып жаткан дайраны мисал келтирип жатат. Тагыраак айтканда, үйүндүн астындагы дайрадан суу алып, жуунуп – тазалануу өтө оңой! Пайгамбарыбыз бул хадиси аркылуу, мисалдагыдай өтө оңой аракет менен Алла Таала убада кылган жакшылыктарга ээ болууга үндөгөн.
Намаз бейиштин ачкычы болгондугу үчүн Пайгамбарыбыз (САВ) бейишке кирүүнү жана ала жерде өзүнө кошуна болууну каалагандарды көптөн – көп сажда кылууга чакырган.
Сажда, ошол эле учурда тозоктон арылууга себепкер болот. Бул боюнча куттуу хадистердин биринде мындай деп келет:
«…. Кыямат күнү Алла Таала тозокко түшө тургандардан каалаганына ырайым кылат. Периштелерине бул дүйнөдө жалгыз Өзүнө (Аллага гана) ибадат кылгандарды ал жерден чыгарууга буйрук берет. Алар буйрукту дароо аткарышат. Периштелер аларды сажда изинен таанышат. Алла Таала тозокко сажда издерин күйгүзүүсүн арам кылган. От адамдын бар – жогун күйгүзүп, бир гана сажда изине тийбейт». (Бухари, Азан, 129)
Саждадагы негизи максат – намаз. Кээ бир аяттарда жана айрым бир куттуу хадистерде намаз эң маанилүү парзы болуп эсептелген «сажда» сөзү менен эскерилген.
Намаздын дагы бир маанилүү пайдасы бар. Ал бейишке кирген момун – мусулмандарга Алла Тааланын жамалын көрсөтөт. Кутман сахабалардан Жарир мындай (Алла ага ыраазы болсун) дейт:
«Бир күнү түнүчүндө Алланын Элчиси (САВ) менен бирге олтурган элек. Пайгамбар (а.с) айды карап:
—Мынабу толгон айды бири – бириңерди жөөлөшүп – түрткүлөшпөй кандай көрүп турсаңар, (бейишке барганда) Жараткан Эгеңерди дал ошондой ээн – эркин көрөсүңөр. Андыктан, күн чыккандан жана күн баткандан мурдакы бардык намаздарды колуңардан келишинче калтырбай окугула! – деген соң мына бул аятты окуду:
«…..Күндүн чыгышынан жана батышынан мурда Жараткан Эгеңди даңктап улукта! Кечки убактарда жана күндүздүн эки тарабында да Жараткан Эгеңди даңкта! Балким, Жараткандын ыраазылыгына жетерсиң!» (Тооха сүрөсү, 130 – аят); (Бухари, Мавакит, 16,26; Тафсир, 20/1; Тавхид, 24; Муслим, Масажид, 211).
Кыскасын айтканда, намаз инсандын жаратылуудагы эң негизги максатына жеткире турган өзгөчө маанилүү ибадат. Адамдын дене түзүлүшү руку – сажда сыяктуу намаздын шарттарын жеңил гана аткара тургандай таризде жаратылгандыгы да муну далилдеп турат. Ошондуктан адам баласы жашоосун беш маал намазга жараша тарпипке салып, бул куттуу ибадатты жашоонун айныгыс бөлүгүнө айландырышы керек. Жараткан Алла Таала биздин окуган намаздарды кабыл кылып эки дүйнөдө тең бактылуу инсандардын катарына кошсун!
Макаланы даярдаган :
КМДБнын Даават (Үгүт – Насаат)
бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев
Кароолор (878)
|