Меню

Биздин долбоорду колдоп, достор менен бөлүшүңүздөр
 
Яндекс.Метрика

 

 

Android'ге орнотуу

iOS'ко орнотуу
Макалалар
Намаз окуунун тартиптери

Ханафий мазхабына ылайык намаз окуунун тартиптери жана далилдери

  1. «Такбир тахрима» (намазга кирүү үчүн такбир) айтканда кол көтөрүү эрежеси жана далилдери.

Намазга киришүүдө «Аллоху Акбар» деп айтып, эки колду кулактын жумшагынын тушуна көтөрөт.

عن مالك بن الحويرث ان رسول الله صلعم كان إذا كبر رفع يديه حتى يحاذى بهما اذنيه و في رواية حتى يحاذي بهما فروع اذنيه (مسلم ج1 ص 167 )

Маалик бин Хувайрис (р.з) айтты: Пайгамбарыбыз (с.а.в) такбир кылган учурда эки колун кулактын тушуна чейин көтөрдү. Башка бир риваятта : Эки колун кулактын учуна чейин көтөрдү. (Муслим 1т. 167 б).

Көптөгөн хадистерде эки колду көтөрүү кулактын тушуна, кулактын үстүнө, кулактын жумшагынын тушуна жана эки ийиндин тушуна чейин деген риваяттар келет.

Бул риваяттардын бардыгы сөздөрүндө бири бирине каршы болсо да, бирок маанисинде бирдей. Себеби эки бармакты эки кулактын жумшагына туш кылса манжалар кулактын жогору жагына туш болот жана эки алакан эки ийиндин тушуна болот. Ушунун негизинде бардык риваяттардын ортосунда келишимдүүлүк (иттифак) болот. Ким алакандын асты жагын караса, ал «эки ийиндин» тушунда деп айтат. Ким бармактарды караса, ал «эки кулактын тушунда» деп айтат. Ким манжаларды караса, ал «кулактын жогору жагына туш болот» деп айтат.

Намазда эки колду көтөрүү

Абу Ханифанын (р.х) мазхабында – намаздын башында, кулак каккандагы такбирден башка учурларда эки кол көтөрүлбөйт. Намаздын башында гана кол көтөрүлөт. Ушуга төмөндөгү аят жана хадистер далил.

1) Алла Таала айтат: «Акыйкатта момундар ийгиликке жетишти, алар өз намаздарында коркуу менен окушат». (Муъминун 1,2.)

Абдулло ибн Аббас (р.а.) айтат: «Коркуу менен окушат дегендин мааниси — намазда эки жакты карабай, колдорун кайра – кайра көтөрбөй окушат». (Тафсир ибн Аббас 212 б.)

2) Абдулло ибн Масъуд (р.а.) айтты: «Силерге Алланын Элчисинин (с.а.в.) намазы тууралу кабар берейинби? (кандай намаз окуучу эле) Алкама (р.а.) айтат: Ибн Масъуд (р.а) ордунан турду да биринчи жолу колун көтөрдү ( такбири тахрима убактысында) кийин (толук намазын акырына чейин) колун көтөргөн жок. (Сунани Насааи 1-том 158 б,Сунани Абу Дауд 1-том 116 б.)

3) Барро бин Азиб (р.а.) айтат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) намазды баштаганда эки колун эки далысына туштап көтөрүп, (андан кийин толук намазды акырына чейин) салам бергенге чейин эки колун көтөрбөчү. (Сунани Аби Давуд 1-том, 116 б.)

4) Жаабир бин Самуро (р.а) айтат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мечитке кирип элдердин намазда колдорун көтөргөнүн көрдү да: «Булар күндө турган уйлар куйругун кайра – кайра көтөргөндөй колдорун көтөрүштү, силер намазда тынч тургула (колдорунарды көтөрө бербегиле.) (Сахих Муслим 1 –том 181 б)

5) Мухаммад бин Амир бин Атаа (р.х.) айтат: «Биз сахабаларынын мажилисинде олтуруп, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) намазы жөнүндө талкуу жүргүздүк. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кандай намаз окучу эле?) Абу Ахмад Сабиди (р.а.) айтты: «Мен силерге караганда Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) намазын көбүрөөк билүүчүмүн – деп, (Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кандай намаз окуганын баяндап баштады). Мен Пайгамбарыбызды (с.а.в.) көрдүм, ал намазын баштап, Аллоху акбар деп такбир айткан учурда эки колун эки далысына көтөрчү. Рүкүгө барганда эки колун эки тизесине коюп, белин түз кылды. Рүкүдөн башын көтөрүп түз турган учурда, бардык дене – мүчөлөрү өз ордуна келчү жана сажда кылган учурда эки колун өз абалында жерге койчу. (Сахих Бухарий 1- том 114 б.)

6) Ханафий мазхабындагылар такбири – тахримадагы кол көтөрүүнү сүннөт деп билишет. Ал эми такбири тахримадан башка такбирлерде эки колун көтөрүү жөнүндө келген хадистерди Ханафий мазхабы мансух (өкүмү өзгөргөн) деп билет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мурда такбирлерде кол көтөрүп жүрүп, кийин акыркы мезгилдерде көтөрбөй калган. (Бадаи Санаи 1 – том 208 б.)

  1. 2. Намазды баштап кулак каккандан кийин оң кол менен сол колду байлап, киндиктин астына коюу

Ханафий мазхабы боюнча намазды баштап, оң кол менен сол колду байлап, киндиктин астына коюу керек. Мунун далили:

عن وائل بن حجر انه راى النبى صلعم وضع يده اليمنى على اليسرى (رواه مسلم رقم ٨٩٤)

Вайл ибн Хужр (р.а.) Пайгамбардын (с.а.в)  оң колун сол колунун үстүнө койгонун көргөндүгүн риваят кылат. (Муслим 894)

 

عن وائل قال رأيت رسول الله صلعم اذا كان قائما فى الصلاة قبض بيمينه على شماله (رواه النسائ ٨٨٧)

Вайл бин Хужр (р.а.) айтты: «Мен Пайгамбарыбыздын (с.а.в)  оң колу менен сол колун кармаганын көрдүм». (Насаи 887)

 

عن وائل بن حجر رأيت رسول الله صلعم يضع يمينه على شماله تحت السرة (رواه ابن ابى شيبة كتاب المصنف جلد ١صفحة ٣٩

Вайл бин Хужр (р.з) айтты: «Мен Пайгамбарыбыздын (с.а.в)  оң колун сол колунун үстүнө коюп киндиктин астына байлаганын көрдүм». (Ибн Аби Шайба)

 

عن علقمة بن وائل بن حجر عن ابيه رضى الله عنه قال رايت النبي صلى الله عليه و سلم يضع يمينه على شماله في الصلاة تحت السرة. رواه ابن ابي شيبة  و اسناده صحيح  اثر السنن ص 94

Алкама бин Вааил бин Хужур (р.а.) атасынан риваят кылат: «Атасы айтты: «Мен Пайгамбарыбыз (с,а,в,) намазда он колун сол колунун үстүнө кылып киндиктин астына койгонун көрдүм».

و عن الحجاج بن حسان قال سمعت ابا مجلز  او سالته  قال قلت كيف يضع قال يضع باطن كف يمينه على ظاهر كف شماله و يجعلها اسفل من السرة رواه ابو بكر بن ابي شيبة و اسناده صحيح   اثر السنن ص9595

Хажжааж бин Хасандан риваят, ал айтат: «Мен Абу Мижлаздан намазда колду кандай коёт? — деп сурадым. Ал: «Оң колунун ички жагын, сол колунун сырткы жагына коёт». – деп айтты.

عن ابي جحيفة ان عليا رضي الله عنه قال السنة وضع الكف على الكف فى الصلاة تحت السرة

Абу Жухайфа (р.а) риваят кылат: «Али (р.а) айтты: Намазда оң алаканды сол алакандын үстүнө кылып, киндиктин астына коюу сүннөт. «

عن النبي صلى الله عليه و سلم انه قال ثلاث من سنن المرسلين و ذكر من جملتها وضع اليمين على الشمال تحت السرة

Пайгамбарыбыз (с.а.в) айткан: «Үч нерсе элчилердин сүннөт амалынан. Ошолордун бирөөсү, намазда оң колду сол колдун үстүнө кылып, киндиктин астына коюу».

و عن على رضى الله عنه قال  ان من السنة فى الصلاة وضع الكف على الكف تحت السرة  ابو داود فى نسخة ابن الاعربى هامش ابى داود ج1 ص110

Али (р.а) риваят кылат, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: «Намаздын сүннөтүнөн: Алаканды алаканга коюп киндиктин астына коюу».

عن ابى هريرة رضى الله عنه قال وضع الكف على الكف فى الصلاة تحت السرة

Абу Хурайра (р.а) айтты: «Намазда алаканды алаканга коюп, киндиктин астына коюлат».

عن انس قال ثلاث من اخلاق النبوة  تعجيل الافطار و تاخير السحور و وضع اليد اليمن على اليسرى فى الصلاة تحت السرة  معارف السنن 4441

Анас (р.а) айтты: «Үч нерсе пайгамбарлыктын ахлагынан: Орозодо оозду эртелетип ачуу, саарлыкты кечиктирүү, намазда оң колду сол колдун үстүнө коюп, киндиктин астына жайгаштыруу».

Ушул хадистердин негизинде, намазда колду кайсыл жерге коюу жөнүндө ар түрдүү хадистер келет. Кээ бир хадистерде кол көкүрөккө жана киндиктин үстүнө коюлат деп да келет. Бул жөнүндө төрт мазхабдын ар кандай ойлору бар. Бул болсо билген адамдарга айдан ачык.

Биздин жол башчыбыз Абу Ханифа (р.х) хадистерден колду киндиктин астына коюу жөнүндө келген хадиске амал кылууга бел байлаган. Себеби, колду намазда киндиктин астына коюу урматтоо жана өзүн төмөн алууга өтө жакшы экендиги аң сезимдүүлөргө жашыруун эмес. Ошондой эле, Аллага ибадат кылууда өзүн – өзү канчалык төмөн тута алса ошончо төмөн тутуу шарияттын эң биринчи талап кылган амалы болуп эсептелет.

Алла Таала Курани Каримде мындай деп айтат:

ادعوا ربكم تضرعا

«Силер Эгеңерге төмөн болгон абалда дуба кылгыла».

3 Колду байлагандан кийин «санаа»  окуу.

Ханафий мазхабы боюнча кулак кагуу менен фатиханын ортосунда ичинен сананы окулат.

عن عائشة رضى الله عنها قالت كان رسول الله صلى الله عليه و سلم إذا افتتح الصلاة قال سبحانك اللهم و بحمدك و تبارك اسمك و تعالى جدك و لا اله غيرك (رواه ابوداود ج1 ص 129 ترمذى ج 1 ص 33 )

Айша (р.з.х) айтты: Пайгамбарыбыз (с.а.в) намазды баштаганда минтип окуду:

سبحانك اللهم و بحمدك و تبارك اسمك و تعالى جدك و لا اله غيرك

Субханака Аллахумаа ва бихамдика ва табаарака имсука ва таьла жаддука ва илааха гайрук.

(Абу Дауд 1 т. 129. Б. Тирмизий 1 т. 33 б.) Дал ушуга окшогон хадис Абу Саъид Худрий (р.з) нун риваятынан «Ибн Маажах 58 б. Жана Насааи 1 т. 143 б.»

4 «Таъаввуз»Аьузу  жана «Бисмиллах» окуу

Ханафий мазхабы боюнча санадан кийин Куран окуу үчүн биринчи: «Ауузу биллахи минаш шайтоонир рожиим, бисмиллахир рохмаанир рохиим» ди окуйт. Мунун себебин Алла Таала Куранда айткан:

“Качан сен Куран окусаң, анда куулган шайтандан Алла Таалага корголо”. (Нахл 98).

Бул жөнүндө Пайгамбарыбыздан (с.а.в) келген хадистер төмөнкү китептерден табылат:

Насаий 1 т. 143 б. , Сахих ибн Хузайма 1 т. 240 б., Асар Ассунан 1т. 73 б.

Намаз сыртынан окулсун же ичинен окулсун бул экөөсүн ичинен окуйт. (Насааий 1т. 144 б.)

5 Фатиха сүрөөсүн окуу

Ханафий мазхабы боюнча намазда фатиха сүрөсун окуу ваажиб.

عن عائشة رضى الله عنها قالت كان رسول الله صلى الله عليه و سلم: يستفتح الصلاة بالتكبير و القراءة بالحمد لله رب العالمين (ج17 ص 194 )

Айша (р.з.х) айтты: “Пайгамбарыбыз (с.а.в) намазды «Аллоху акбар» менен, ал эми кыраатты «Фатиха» менен баштачу” (Муслим 1т. 194 б).

6.Имамдын артында кыраат кылуу

 Имам Абу Ханифа, Имам Малик, Имам Ахмаддар (р.х) айтат: «Жарыя окулган намазда да, купуя намазда да имамдын артында уюган адамга «Фатиха» сүрөсүн окуу важиб эмес.»

Курандагы далилдер:

 وَ اِذَا قُرِءَ الْقُرْانُ فَاسْتَمِعُوا لَهُ وَ أنْصِتُوا لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ  (سورة الاعراف)

 Мааниси: «Качан Куран окулганда ага кунт коюп уккула жана унчукпай тургула!» (Аъраф.)

Демек жарыя окулган намазда да жана ошондой эле купуя намазда да имамга уюп окуса кунт коюп угуп, унчукпай туруу керек. Имам окуганда унчукпай туруу важиб. (Роддул Мухтар.)

Саид бин Мусаяб, Мухаммад бин Каъб, Зухрий, Иброхим жана Хасан Басрий (р.х.)лер  айтат: «Бул аят намаз жөнүндө түшкөн.»

Абу Даудтун риваятында Имам Ахмад (р.х.) айтат: «Бул аяттын намаз жөнүндө түшкөндүгүнө бардык элдер ынанышат.»

Имам Байхакий — Мужахидден (р.х) риваят кылат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) намазда кыраат кылып жатат эле, ошондо Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) артында ансарлардан бир жигиттин кыраатын угуп калды, ошондо «وَ اِذَا قُرِءَ الْقُرْانُ»  аяты (жогорудагы аят) түштү.

 

فَاقْرَءُوا مَا تَيَسَّرَ مِنَ الْقُرْانُ  (سورة المزمل).

 

 «Курандан алынар жеткенче окугула.» (Музаммил.)

Бул аяттан да «Фатиха» сүрөсүн окуу фарз эмес экендиги билинди.

 

وَ لا تَجْهَرْ بِصَلاتِكَ وَ لا تُخَافِتْ بِهَا  (سورة الاسراء)

 

«(Оо Мухаммад) Намазыңдын кыраатын бийик добуш менен да (акырын) угулбай турган кылып да окуба!»[1]

Ибн Аббас (р.а.) айтат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Меккеде мушриктерге көрүнбөй купуя ибадат кылып жүргөн кезде, сахабалар менен намаз окуганда үнүн көтөрүп Куран окуучу. Аны уккан мушриктер, Куранды, Алла Тааланы, Жабраилди (а.с.)  жана Пайгамбарыбызды сөгүшөт болчу. Ошондо Алла Таала ушул аятты түшүргөн: «Намазда үнүңдү бийик кылып окуба мушриктер уккудай кылып. Жана да купуя окуба. Сахабалар укпай калбасын. Аларга Куранды угузгун өтө бийик кылып окуба (Муслим 1366).

Алла Тааланын: «Аларга Куранды угузгун» деген сөзүнөн  Куранды окуу имамдын үлүшү экени белгилүү болду, ал эми уюгандардын үлүшү кунт коюп угуу жана унчукпоо.

Хадистеги далилдер:

1) Аллама Ъайний (р.х) Бухаринин шархы «Умдатул Коори» деген китепте айтат: Имамдын артында кыраат кылуудан тыйган риваяттар 80 улуу сахабалардан айтылат. Алардан кээ бири: Али, Абдулло бин Умар, Ибн Аббас жана Ибн Масъуд (р.а)дар. Булардын бул чечимге келүүсү ижмаънын даражасында, б.а үммөт буга эч бир каршы чыкпай амал кылуулары керек.

2) Абу Муса Ашъари (р.а)дан риваят: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Куран окулганда унчукпай тургула!» (Муслим 1174.)

 

3) Имрон бин Хусейн (р.а)дан риваят: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бешим намазын окуду, ошол намазда арттан бир киши «Саббихисма Роббикал Аъла» сүрөсүн кыраат кылды. Намаздан соң Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Кимиңер окудунар?» — деди. Жанагы киши: «Мен» -деди. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Силердин кээ бириңер мени менен кыраатты талашып жатат деп ойлодум» (Муслим, Абу Дауд, Насаи.)

4) Ибн Масъуддан (р.а) риваят, сахабалар намазда Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) артында кыраат кылышканда Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Силер Куранда мага чаташтырып жатасынар.» (Ахмад, Абу Яъла, Баззар.)

5) Жабир бин Абдуллодон (р.а) риваят: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Ким намазды имам менен окуса анда имамдын кыраат кылуусу уюгандардын кыраат кылуусу болуп эсептелет.» (Ибн Маажа, Ахмад, Тахаави.) Бул хадисти дагы башка сахабалар да риваят кылган. Алар: Ибн Умар, Абу Саид, Абу Хурайра, Ибн Аббас жана Анас бин Малик (р.а).

6) Абу Хурайрадан (р.а.) риваят: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) бир жолу жарыя окула турган намазды окуган соң айтты: «Силердин бирөө жарымыңар азыр мени менен намазда кыраат кылдыбы? Мага эмне болду, менден Куранды тартып алуугу аракет кылып жатышат.?» Абу Хурайра (р.а.) айтат: «Элдер Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) ушул сөзүн укканда жарыя окуучу намазда Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) артында кыраат кылуудан тыйылышты.» (Малик, Ахмад, Абу Дауд, Тирмизи, Насаи жана Ибн Маажа.)

7) Абу Хурайра (р.а.) риваят кылат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.)  айтты: «Имам силер уюшунар үчүн шайланган, качан имам намазда кыраат кылганда силер унчукпай тургула.» (Тохави)

8) Анас (р.а.) айтат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) намаз окуду да жүзүн элдерге буруп: «Имам кыраат кылганда силер да кыраат кыласынарбы?» — деп айтты. Элдер унчукпады. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) үч жолу сураганда, алар: «Ооба ошондой кылабыз.» — дешти. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Андай кылбагыла.» — деди. (Тохави)

9) Убайдулло бин Махсан (р.х) Абдулло бин Умар, Зайд бин Сабит жана Жабир бин Абдулладан (р.а) сураганда, алар айтты: «Эч бир намазда имамдын артында кыраат кылбагыла.» (Тахавий.)

10) Абу Хурайрадан (р.а) риваят: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) айтты: «Имам ага уюш үчүн шайланган, имам такбир айтса такбир айткыла, кыраат кылса силер унчукпай тургула.» (Насаи, Ибн Маажа, Абу Дауд.)

Акылдан алынган далилдер:

1) Имам Абу Мансур (р.х) айтат: «Алла Таала Куранды көнүл буруп укканга жана унчукпай турганга буюрду.» Акылга салганда башка бир киши да сага кайрылып сүйлөп жатса, сен анын сөзүнө көнүл коюп угушун зарыл. Ал эми Алла Таала сага кайрылып өкүм кылып жатса, сен ага көнүл коюп угушун жогорку даражада важиб.

2) Бир киши өзүнүн бир тууганына кат жазып жиберсе, ал аны карабай ага кунт коюп укпай койсо, анда ал мерездик жана тоготпогондук болуп эсептелет. Эми Алла Тааланын китеби окулганда, аны көнүл коюп укпаса, анда ал өтө чоң мерездик жана тоготпогондук болуп калат.

3) Падышанын элчиси маанилүү бир ишти айтканы келсе аны көнүл коюп угасын, ошондой эле Куран окулганда ага көнүл коюп угушун керек.

6 Намазда «Амиин» сөзү ичтен айтылат

Биринчиден Аамиин жөнүндө кеп кылалы, бул сөз негизинде араб тилинде негизги сөз эмес. Бул Иброний тилинде.

Аамииндин мааниси кабыл кыл деген мааниде. Ибн Аббас (р.а) айтат: «Мен Алланын Элчисинен амииндин маанисин сурадым. Пайгамбарыбыз (с.а.в): Анын мааниси «аткар» деп жооп берди.

Ааминди эки түрдө окуса болот: 1) Аамиин. 2) Амиин. Биринчисинде «аа» деп созулуп, экинчисинде созулбайт.

Аамиин деген пендеге,

Мээрим төгөт жараткан.

Аамиин сүйүүсүн эч качан,

Тартып албагын Жараткан.

Аамиин сөзү дуба деген маанини да билдирет. Себеби, аамиин мындай деген мааниде: «Бизден кылган таат ибадаттарыбызды кабыл кыл жана дубабызды да кабыл кыл». Фатиха сүрөсүнүн «Валаз зооллиин» деген сөзүнөн кийин Аамиин деп айтуу сүннөт.Ушинтип айтуу сүннөт экендигине төмөнкү хадис далил.

Абу Хурайра (р.а) риваят кылат, Пайгамбарыбыз (с.а.в )айтты: Качан имам Аамиин деп айтса, силер да Аамиин деп айткыла. Анткени, кимдин Аамиин деген сөзү периштелердин Аамиин деген сөзүнө дал келсе анын мурунку кылган күнөөлөрү кечирилет.

Демек  Аамиин деп айтуу сүннөт. Бирок, төрт мазхабтын ортосунда ичинен айтуу жакшыраакпы же ашкереби? – деген маселе жөнүндө кайчылаш пикирлер бар.

Ханафий мазхабында Аамиинди ичинен айтуу жакшыраак. Мааликий мазхабында да ичинен айтуу жакшыраак. Ал эми имам Шаафи мазхабында ааминди жарыя айтуу жакшыраак. Ошондой эле ар бир мазхабдын өзүнө ылайык далилдери бар.

Уламалардын Аамиинди ичинен айтуу жана сыртында айтуу туурасында ойлору жана далилдери

Ханафий мазхабында Аамиинди купуя айтат. Далилибиз: Алла Таала Курани Каримде айткан: «Силер эгеңерге жалбарып, жашырун тилек тилегиле».(Аъроф 55)

Мына ушул аяттан белгилүү болгондой Аллага тилек тилегенде (дуба) купуя кайрылуу керек. Аамиин сөзү хадистин негизинде дуба экендиги маалым. Ошондуктан, аны купуя айтуу сүннөт. Бул биздин Курандан болгон далилибиз. Ал эми хадистен болсо, Аамиинди ичинен айтуу туурасында көптөгөн хадистерге таянып көкүрөк каксак жанылбайбыз.

Ошол таянган хадистерди көз алдыңызга деги эле мен Ханафиймин деген бир туугандарга айтып өтөбүз.

Аътоо бин робах (р.х) айтат: «Фатиха сүрөсүнөн кийин айтылуучу «Аамиин» сөзү бул дуба. Алла Таала Куранда айтат: Аллага жалбаруу менен жана купуя кайрылгыла».

Абу Хурайрадан (р.а) риваят: «Пайгамбарыбыз (с.а.в) бизге төмөнкү нерселерди үйрөтөт эле. Намазда турганда имамдан озуп кетпегиле. Качан иамам такбир айтса, такбир айткыла. Качан «Валаззооллиин» деп айтса, силер аамиин деп айткыла. Качан рүкү кылса, рүкү кылгыла. «Самиъаллооху лиман хамидах» десе, силер: «Аллоохумма роббанаа лакал хамд» — деп айткыла. (Муну Муслим (р.х) риваят кылды).

Наймувий (р.х) бул хадистен: Албетте имам «Аамиин ди жарыя айтпайт» деген түшүнүк пайда болот деп айткан.

Хасан (р.х) айтат: «Самура бин Жундуб жана Имран бин Хусайн экөө сүйлөшүп отуруп, Самура бин Жундуп (р.а) Пайгамбарыбыздан (с.а.в) намазда эки жерде «сакта» (унчукпай туруу) кылууну жаттаганын айтат. Биринчиси – имам такбир кылган учурда унчукпоо. Экинчиси «Валаззооллиин» ден бошогондон кийин унчукпоо. Бул сөзгө Ибран бин Хусайн (р.а) каршы чыгат. Ал экөө сөзүн тууралаш үчүн Убай бин Каъбга (р.а) кат жазышканда, Убай бин Каъб (р.а): «Албетте, Самура туура жаттаган» — деп жооп жазды. (Абу Дауд риваят кылды)

Ахмад жана Даарукутнийдин риваятында: Убай бин Каъб (р.а): «Албетте иш Самура жасагандай деп жооп берген».

Вааил бин Хужр (р.а) айтат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в) бизге намаз окуп берди. Качан «Валаззооллиинге» жеткенде «Аамиин» ди купуя кылып айтты, оң колун сол колунун үстүнө койду жана оң жак сол жагына салам берди. (Ахмад, Тирмизий, Абу Дауд Таялисий, Даару кутний, Хаким риваят кылды).

Абу Вааил (р.х) айтат: «Умар жана Алилер (р.а) бисмиллаахир рохмаанир рохиимди, таъаввузду жана аамиинди жарыя кылып айтышпайт эле». (Тахавий жана Ибн Жарир риваят кылды).

Иброхим (р.х) айтат: «Беш нерсе бар, имам аны купуя айтат. «Субхаанакаллоохумма ва бихамдика», «Таъаввуз», «Бисмиллаахир ромаанир рохиим», «Аамиин», «Аллоохумма роббанаа лакал хамд» деген сөздөрдү». (Абдуразак риваят кылды, өзүнүн маснафында).

Мухтасар Кудуурийде келген: «Качан имам Валаззооллиин десе, имам менен биргелиикте уюучулар да «Аамиин» ди купуя айтат».

Жогоруда айтылган бир нече далилдер «Аасару Сунан» деген китептен алынган.

Ибн Масъууддун (р.а) сөзү бар: «Төрт нерсе купуя окулуучулардан. Ошолордун бирөөсү Аамиин».

دليله عن علقمة بن وائل عن ابيه انه صلي مع رسول الله صلعم فلما بلغ «غير المغضوب عليهم و لا الضالين» قال امين و اخفي بها صوته (رواه احمد و الدار قطني)

Алкама (р.з) атасынан риваят кылат, атасы айтты: «Мен Пайгамбарыбыз (с.а.в) менен намаз окудум, Ал  «Гойрил магдууби алайхим ва ладдоооллиин» деген жерге жеткенде «Амиин» ди ичинен айтты.

عن ابراهيم النخعي قال اربع يخفيهم الامام التعوذ و بسم الله الرحمن الرحيم سبحانك و امين (رواه عبد الرزاق فى مصنفه عمدة القارئ ص ٧٤)

Иброхийм Нахьий (р.х) айтты: «төрт нерсени имам ичинен окуйт: 1 Аьуузу 2 бисмилла 3 субхаанака 4 амиин

و بسبب اختلاف الروايات لا يوجب الترجيح فانا لا ننكر ان رسول الله صلعم رفع صوته بامين بل نقول رفع بها صوته و لم يثبت ان رسول الله صلعم داوم عليه او جهر بامين فى اخر عمره صلعم فبهذا علمنا ان رسول الله صلعم جهر بامين احيانا تعليما لامته ثم اخفي بها

و قال العيني و روى الطبراني فى تهذيب الاثار حدثنا ابو بكر بن عياش عن ابي سعيد عن ابي وائل قال لم يكن عمر و علي رضي الله تعالي عنهما يجهران ببسم الله الرحمن الرحيم و لا بامين

«Амиин» тууралуу хадистер ар түрдүү келип, алардын бирине басымдуулук жасаш мүмкүн болбоду. Албетте биз Пайгамбарыбызды (с.а.в)  таптакыр жарыя айткан эмес деп айтпайбыз, балким  Пайгамбарыбыз (с.а.в) «Амиин» ди жарыя айткан, бирок дайыма айтып уланткандыгы жана өмүрүнүн акырына чейин айткандагы бекемделген эмес. Ошондуктан Пайгамбар (с.а.в) кээде амиинди адамдарга үйрөтүү үчүн жарыя окуган кийин купуя окуган. Сахабалардын жашоосун карасак Абу Ваил (р.х) айтат: Умар жана Али (р.з) «Бисмилла» ны жана «амиин» ди жарыя окубайт эле.

7 Фатихадан кийин сүрөө окуу

لمن لم يقرأ بأم الكتاب فصاعدا (مسلم ج1 ص 169 )

Фатиха жана андан ашык сүрөөнү окубаган адам үчүн…. (намазы толук эмес). (Муслим 1т. 169 б).-

8 Намаз окулуп жаткан мезгилде рүкүгө бараарда жана рүкүдөн кайтканда колду көтөрбөө маселеси

Абу Ханифанын (р.х) мазхабында – намаздын башында, кулак каккандагы такбирден башка учурларда эки кол көтөрүлбөйт. Намаздын башында гана кол көтөрүлөт. Ушуга төмөндөгү аят жана хадистер далил.

1) Алла Таала айтат: «Акыйкатта момундар ийгиликке жетишти, алар өз намаздарын коркуу менен окушат». (Муъминун 1,2.)

Абдулло ибн Аббас (р.а.) айтат: «Коркуу менен окушат дегендин мааниси — намазда эки жакты карабай, колдорун кайра – кайра көтөрбөй окушат.» (Тафсир ибн Аббас 212 б.)

2) Абдулло ибн Масъуд (р.а.) айтты: «Силерге Алланын Элчисинин (с.а.в.) намазы тууралу кабар берейинби? (кандай намаз окуучу эле) Алкома (р.а.) айтат:»Ибн Масъуд (р.а) ордунан турду да биринчи жолу колун көтөрдү ( такбири тахрима убактысында) кийин (толук намазын акырына чейин) колун көтөргөн жок»(Сунани Насааи 1-том 158 б,Сунани Абу Дауд 1-том 116 б.).

3) Барро бин Азиб (р.а.) айтат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) намазды баштаганда эки колун эки далына туштап көтөрүп, (андан кийин толук намазды акырына чейин) салам бергенге чейин эки колун көтөрбөчү. (Сунани Аби Давуд 1-том, 116 б.)

4) Жаабир бин Самуро (р.а) айтат: «Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мечитке кирип элдердин намазда колдорун көтөргөнүн көрдү да: «Булар күндө турган уйлар куйругун кайра – кайра көтөргөндөй колдорун көтөрүштү, силер намазда тынч тургула (колдорунарды көтөрө бербегиле.) (Сахих Муслим 1 –том 181 б)

5) Мухаммад бин Амир бин Атаа (р.х.) айтат: Биз сахабалардын мажилисинде олтуруп, Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) намазы жөнүндө талкуу жүргүздүк. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кандай намаз окучу эле?) Абу Ахмад Сабиди (р.а.) айтты: «Мен силерге караганда Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) намазын көбүрөөк билүүчүмүн – деп, (Пайгамбарыбыз (с.а.в.) кандай намаз окуганын баяндап баштады). Мен Пайгамбарыбызды (с.а.в.) көрдүм, ал намазын баштап, Аллоху акбар деп такбир айткан учурда эки колун эки далына көтөрчү. Рүкүгө барганда эки колун эки тизесине коюп, белин түз кылды. Рүкүдөн башын көтөрүп түз турган учурда, бардык дене – мүчөлөрү өз ордуна келчү жана сажда кылган учурда эки колун өз абалында жерге койчу. (Сахих Бухарий 1- том 114 б.)

6) Ханафий мазхабындагылар такбири – тахримадагы кол көтөрүүнү сүннөт деп билишет. Ал эми такбири тахримадан башка такбирлерде эки колун көтөрүү жөнүндө келген хадистерди Ханафий мазхабы мансух (өкүмү өзгөргөн) деп билет. Пайгамбарыбыз (с.а.в.) мурда такбирлерде кол көтөрүп жүрүп кийин акыркы мезгилдерде көтөрбөй калган. (Бадаи Санаи 1 – том 208 б.)

Рүкүгө бараарда жана рүкүдөн кайтканда колду көтөрбөстөн намаз окуйт.

Алкамадан (р.з) риваят: «Абдулла ибн Масъуд (р.з) айтат: «Мен силер менен Пайгамбарыбыздын (с.а.в) намазын окуп берейинби?» — деп намаз окуду жана анда бир гана такбир тахримада колун көтөрдү». (Тирмизи, Абу Дауд, Насаи, Сахих)

Демек намазга киришүү учурунда гана колду көтөрүп, калаган учурларда көторбөөнүн далилдери басымдуу болду.

Биринчиден: Колду көтөрбөө Куранга ылайык «قوموا لله قانتين»

Экинчиден: Ибн Масъуддун (р.а.) хадисинде «изтироб» жок.

Үчүнчүдөн: Пайгамбардын (с.а.в) сахабалары ушуга амал кылышчу.

Төртүнчүдөн: Мадина эли жана Куфа эли ушуга амал кылышчу.

Бешинчиден: Намаздын тарыхын карай турган болсок колду көтөрбөө талап кылат.

Алтынчыдан: Жабир (р.а.) хадисинде  «اسكنوا فى الصلاة» «Намазда тынч тургула»- деп айтылган.

Жетинчиден: Ибн Масъуддун (р.з) хадисин риваят кылуучулар бардыгы факихтер. (Шарият маселелеринин изилдөөчү аалымдар)

  1. Руку жана ковма (рукудан туруу

 Куран аяттарынан зам сүрө окуп бүткөндөн кийин Аллоху Акбар деп рүкүгө барат. Рукугө турган учурда манжалар ачык абалда тизени кармап туруш керек. Баш жана арка бирдей тегиз болуш керек. Тизе ийилген болбош керек. Мунун далили:

قال رسول الله صلى الله على و سلم :إذا ركعت فضع يديك على ركبتك و فرج بين عصابعك (المعجم اوسط للطبرانى)

Пайгамбарбыз (с.а.в) айтты: Качан руку кылсаң эки колуңду тизеңе кой жана манжаларыңды ач. (Алмуъжам авсот литобороони).

Рүкүдө үч жолу Субхаана роббиял азиим деп айтат. Мунун далили: Тирмизий 1т. 35 б., Абу Дауд 1т. 145 б., Ибн Маажах 65 б.

Рүкүдөн башын көтөрүп «Самиаъллоху лиман хамидах» деп айтат. Андан соң тик турганда «Роббана лакал хамд» дейт. Бул учурда эки кол байланбастан ташталынат. Мунун далили: Бухарий 1т. 109 б., Муслим 1т. 169 б.

 11.Сажда кылаарда жерге эң биринчи кайсы мүчөнү коюу керек?

Намаз окуп жаткан адам сажда кылаарда эки тизесин эки колунан мурда жерге койуу керек, себеби хадисте мындай деп баян кылынган:

عن وائل بن حجر قال رأيت النبي صلعم اذا سجد وضع ركبتيه قبل يديه و اذا نهض رفع يديه قبل ركبتيه. (اخرجه الترمذى و قال حسن غريب و قال الحاكم:صحيح علي شرط مسلم و صححه ابن حبان)

Ваил бин Хужр (р.з) айтты: «Мен Пайгамбарды (с.а.в)  сажда кылаарда эки тизесин эки колунан мурда койгонун жана  саждадан башын көтөргөндө эки колун эки тизесинен мурда көтөргөнүн көрдүм».

Биз бул хадисти далил карманганыбыздын себеби Мишкатта Абу Сулайман Хаттоби бул хадисти риваят кылган Ваил Бин Хужрдун (р.з)  хадиси башка хадистерге салыштырганда бекемирээк болуп саналат жана бул хадиске амал кылуу жалпы сахабалардын айткан сөздөрүнө жана кылган амалдарына дал келет. (بذل المجهود فى حل ابى داود ج ٥٬٦ ص ٨٦٬٨٩  )

Экинчиден: Хидаяда айтылган: «Сажда кылууда жерге кайсы мүчө жакын болсо, ошол мүчө биринчи койулат, турууда мунун тескериси. Ошондуктан эң биринчи жерге эки тизени коюу зарыл.

Саждада үч жолу «Субхаана роббиял аълаа» деп айтат. Мунун далили: Тирмизий 1т. 35 б., Абу Дауд 1т. 145 б., Ибн Маажах 64 б.

12.Экинчи саждадан кийин экинчи рекетке туруу

Экинчи саждадан кийин отурбастан жерге таянбастан тик туруп кетиш керек. Мунун далили:

عن ابى هريرة رض قال كان النبي صلعم ينهض فى الصلاة على صدور قدميه (ج1 ص 38)

Абу Хурайра (р.а.) айтты: Пайгамбарыбыз (с.а.в) намазда эки бутунун алдынкы жагы менен тик туруп кетчү. (Тирмизий 1т. 38 б.).Бул хадисти Имам Тирмизий (р.х) риваят кылгандан кийин айтты: “Илим ээлери ушул хадиске амал кылышат б.а адам намазда экинчи рекетке бутунун учу менен туруп кетет (отурбайт). Ошондой эле отурбайт деген ачык түрдө Пайгамбардан (с.а.в)  риваят кылынган хадис да бар”(Абу Дауд 1т. 154 б. Тохавий 1т. 127 б).

13.Ташаххудда олтуруу

Намаз окуучу адам ташаххуд окуп жатканда эки колун эки санынын үстүнө коёт, андан соң тавхид келимесине (Ашхаду ал лаа илааха аллаллох) деген жерге жеткенде, «Лаа илааха» сөзүн айтып жатып чыпалак жана аты жок манжаларын жумат жана ортоңку жана бармак манж  

Кароолор (1407)

Никах

Сайтта колдонуучулар: 10373